Социалдык долбоорлорго бөлүнгөн 3,7 млн сом максатсыз пайдаланылганы аныкталды

Социалдык долбоорлорго бөлүнгөн 3,7 млн сом максатсыз пайдаланылганы аныкталды

Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдары Эмгек министрлиги жалпы 3 млн 737 миң 313 сомго 6 келишим түзгөн. Текшерүүдө жооптуу кызматкерлер бюджеттик каражатты өздөштүрүп, отчетко жалган маалымат киргизип, көзөмөл жүргүзбөгөнү аныкталган.

Натыйжада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, карыларды жана турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган акча максатсыз кеткен.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379, 210 жана 348-беренелери менен 2 кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү

Bishkek Snow Leopard Run: марафондон жаратылышка жардам (видео)

2027-жылдын бюджетинде кайсы тармактарга канча каражат каралды?

Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушту