Тоодо таштанды таштаган жарандарга 11 миң сом айып салынды

Тоодо таштанды таштаган жарандарга 11 миң сом айып салынды

Жаратылышка эс алууга барып, таштанды таштап кеткен жарандар жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламүдүн боюнча башкармалыгы Instagram социалдык тармагындагы маалыматтын негизинде текшерүү жүргүзгөн. Кылмыш иликтөө башкармалыгы менен биргеликте укук бузуучулар аныкталды.

Аларга карата 2 протокол түзүлүп, 11 миң сом айып салынды. Ошондой эле жаратылышты таза сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

8 айда өлкөдөгү көлдөрдөн 2 тоннадай таштанды чыгарылды

8 айда өлкөдөгү көлдөрдөн 2 тоннадай таштанды чыгарылды

2026-жылдын 8 айында суу объектилеринде 206 рейд өткөрүлгөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин жыйынтыгында 101 250 метр синтетикалык тор жана 1910 кг таштанды чыгарылды. Анын ичинен: • Ысык-Көлдө - 102 рейд, 40 200 метр тор жана 940 кг таштанды; • Токтогул суу сактагычында - 60 рейд, 42 250

Ишкер Media
Социалдык долбоорлорго бөлүнгөн 3,7 млн сом максатсыз пайдаланылганы аныкталды

Социалдык долбоорлорго бөлүнгөн 3,7 млн сом максатсыз пайдаланылганы аныкталды

Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдары Эмгек министрлиги жалпы 3 млн 737 миң 313 сомго 6 келишим түзгөн. Текшерүүдө жооптуу кызматкерлер бюджеттик каражатты өздөштүрүп, отчетко жалган маалымат киргизип, көзөмөл жүргүзбөгөнү аныкталган. Натыйжада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, карыларды

Ишкер Media
Курулуш ченемдеринин талаптары сакталбаганарга 200 000 сом айып салынды

Курулуш ченемдеринин талаптары сакталбаганарга 200 000 сом айып салынды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарынын, Фрунзе көчөсү 176 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайды текшерүү жүргүзүп, бир катар мүчүлүштүктөрдү табышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жергиликтүү тургундун кайрылуусунун негизинде Бишкек шаарындагы курулуш объектисинде текшерүү жүргүзүлүп, андан адистер курулуш ченемдеринин талаптары сакталбагандыгын, курулуш

Ишкер Media
Бишкек, Ош шаарларында 22 млн долларга фарм-логистика комплекстери курулат

Бишкек, Ош шаарларында 22 млн долларга фарм-логистика комплекстери курулат

Кыргыз делегациясынын Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында "Кыргызфармация" МИ менен кытайлык HUBEI TAIFU HOLDING GROUP компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалым болгондой, меморандумдун негизги багыты - Кыргызстандын фармацевтикалык логистика инфраструктурасын өнүктүрүүгө жеке инвестицияларды тартуу. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу ишке ашырылышы

Ишкер Media