Ысык-Көлдө айыл чарба продукциясын экспортко даярдаган жаңы ишкана ишке кирди

Ысык-Көлдө айыл чарба продукциясын экспортко даярдаган жаңы ишкана ишке кирди

Ысык-Көл облусунун Кашат айылында ишкер Бекжан Рысбековдун өндүрүштүк объектисине Азия өнүктүрүү банкынын миссиясы барды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин эл аралык долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкер жашылча-жемиштерди өстүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо менен алектенет. Долбоордун алкагында ишкердин 13 млн сомдук салымы жана АӨБдүн 22 млн сомдук кредитинин эсебинен 400 тонналык кампа жана суткасына 20 тоннаны кайра иштетүүчү шоктук тоңдуруу борбору курулган.

Учурда ишкана продукцияны тоңдуруп, сактап, чет өлкөгө экспорттоодо. Чарбада 6 гектар жерде карагат жана малина өстүрүлүп, 30 туруктуу жумуш орду түзүлгөн.

Иш сапарга жергиликтүү фермерлер да катышып, продукцияны жеткирүү жана кызматташуу маселелери талкууланды.

Долбоор - "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media