Россияда электросамокат жана электр велосипеддерин колдонуу эрежелери катаалдашы мүмкүн

Россияда электросамокат жана электр велосипеддерин колдонуу эрежелери катаалдашы мүмкүн

Россиянын Транспорт министрлиги электросамокат, мопед жана велосипеддерди колдонууга байланыштуу жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүүлөрдү даярдады. Документ жакын арада коомдук талкууга чыгарылат. Бул тууралуу Кommersant.ru маалымат булагы жазып чыкты.

Билдирүүгө караганда, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык:

  • Курьерлерге электросамокат жана башка ушул сыяктуу транспорт менен тротуарда жүрүүгө тыюу салынат.
  • Электросамокатка эки же андан көп адамдын түшүп жүрүүсүнө тыюу киргизилет.
  • Кыймылдаткычынын кубаттуулугу 250 Вттан 4 кВтка чейинки электросамокат жана электр велосипеддери мопед катары эсептелет. Аларды башкаруу үчүн «М» категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат.
  • 16 жашка чейинкилерге электросамокат менен жалпы пайдалануудагы көчөлөрдө жүрүүгө чектөө коюлат.
  • Салмагы 35 кгдан ашкан оор электр транспортторуна тротуар менен жүрүүгө уруксат берилбейт.
  • Электросамокаттарды башаламан токтотууга каршы атайын унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, айрым жерлерде алар акы төлөнүүчү болушу мүмкүн.

Ошондой эле электр унаалары үчүн бөлүнгөн токтотуучу жайларды кубаттоо учурунда гана пайдалануу сунушталууда. Тез жардам, өрт өчүрүү жана полиция кызматтарынын унаалары үчүн атайын жол белгилери киргизилиши мүмкүн.

РФнын Транспорт министрлиги өзгөртүүлөрдүн негизги максаты жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана электр транспортторунун кыймылын жөнгө салуу экенин белгилеген.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кызыктуу

Акыркы жаңылыктар

Баары

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик CSCEC компаниясы менен кызматташууну талкуулады

Айтматов районунун бюджети 5 жылда 3 эседен ашык өстү

Министрлик халал сертификат кайсы мекеме тарабынан берилерин түшүндүрдү

Сузакта эки мектептин администрациясы айыпка жыгылды

Бишкекте үй шартында мыйзамсыз алкоголь өндүргөн жай аныкталды