Бишкекте коомдук транспорт боюнча көйгөй талкууланды

Бишкекте коомдук транспорт боюнча көйгөй талкууланды

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев бүгүн Октябрь районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Борбордун мэриясы жолугушууга Октябрь районунун акими Жолдошбек Чуштуков, шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери да катышканын билдирди.

Анын жүрүшүндө тургундар райондун өнүгүшүнө, шаардык инфраструктураны жакшыртууга жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга байланыштуу бир катар маселелерди көтөрүштү.

Атап айтканда, коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, аялдамалардын абалы, жол инфраструктурасын жакшыртуу, балдар аянтчаларын куруу жана оңдоо, жер мунапысына байланыштуу маселелер, автобус каттамдарын оптималдаштыруу, ошондой эле тургундарды түйшөлткөн башка актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

Район тургундарынын сунуш-пикирлери жана кайрылуулары угулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди ар тараптуу карап чыгып, аларды чечүүнүн жолдорун иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сокулукта транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы бөлүм ачылды

Жеңишбек Асылбек Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды

СПЕКА өлкөлөрү аймактык кызматташтык боюнча биргелешкен долбоорлорду бекитти

“Чаарат ЗААВ” инвестициялык долбоорунун мындан аркы ишке ашырылышы талкууланды

Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы орто мектеп ачылды