СПЕКА өлкөлөрү аймактык кызматташтык боюнча биргелешкен долбоорлорду бекитти

СПЕКА өлкөлөрү аймактык кызматташтык боюнча биргелешкен долбоорлорду бекитти

Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) Көп тараптуу максаттуу фондунун Жетектөөчү комитетинин төртүнчү жыйыны болуп өттү. Анын жүрүшүндө, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган пилоттук жана флагмандык долбоорлор бекитилди.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, бекитилген долбоорлор экономикалык байланыштарды чыңдоону, транспорт жана энергетика тармактарындагы өз ара байланышты өнүктүрүүнү, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт.

Долбоорлорду ишке ашыруу Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен демилгелерин алдыга жылдырууга жана туруктуу экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.


Белгилей кетсек, 2026-жылы Кыргызстан СПЕКАга төрагалык кылууда. Көп тараптуу максаттуу фонд БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын жана Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын колдоосу менен иш алып барат. Анын негизги максаты — программага катышкан өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгын жана аймактык интеграциясын тереңдетүү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сокулукта транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы бөлүм ачылды

Жеңишбек Асылбек Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды

Бишкекте коомдук транспорт боюнча көйгөй талкууланды

“Чаарат ЗААВ” инвестициялык долбоорунун мындан аркы ишке ашырылышы талкууланды

Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы орто мектеп ачылды