Нарында мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып салынды

Нарында мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып салынды

Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында мыйзамсыз бетон заводунун курулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, аталган объектинин архитектуралык-долбоорлоо, уруксат берүүчү жана долбоордук-сметалык документтери жок экендиги аныкталган.
Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын "Шаар куруу жана архитектура" жөнүндө мыйзамынын талаптарын одоно бузуу болуп саналат.

Ошондой эле бетон завод мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан иш алып жүргүзүп келген.

Жыйынтыгында "Ж энд Б Универсал Сервис" ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары аталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте май өндүрүү тармагындагы маселелер талкууланды

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт