Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

7-ноябрда Ош шаарында жаңы Юстиция үйүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдирди.

Маалым болгондой, долбоор министрликтин демилгеси менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу ишке ашырылды.

Анын алкагында 2024-жылдын 19-мартында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин катышуусунда Юстиция министрлиги менен "Капитал Строй Инвест" ЖЧКсынын ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн.

Жалпы аянты 5 349 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттын 2 444 чарчы метри Юстиция министрлигине бөлүнүп берилген. Курулуш иштери 2026-жылдын сентябрында аяктап, учурда жарандарды тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейинки Ош облустук юстиция башкармалыгы 1971-жылы курулган, кийин авариялык абалда деп табылган имаратта жайгашып келген.

Юстиция үйүндө Ош облустук юстиция башкармалыгы, Пробация департаментинин тиешелүү түзүмдөрү, мамлекеттик жана социалдык нотариустар, Юридикалык жардам кызматы, Түштүк нотариалдык архиви жана юридикалык жактардын архиви жайгаштырылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган