Ошто курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Ошто курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы курулуш объектисиндеги коопсуздук талаптарынын сакталышы боюнча видео кайрылуунун негизинде ыкчам текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматька ылайык, текшерүү Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүнүн 2-дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде болду. Аталган объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине 2025-жылдын февраль айында катталган. Учурда имараттын 7-кабатындагы кабат аралык жабуу плиталарын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видео кайрылууда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталды. Тактап айтканда, жумушчулар курулуш иштерин коргоочу каскаларсыз жана атайын каражаттарсыз аткарып жатканы аныкталды.

Жыйынтыгында, коопсуздук эрежелерин бузган "ТКК Перспектива" ЖЧКсына карата чара көрүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди. Мындан тышкары, компанияга 200 миң сом айып пул салынды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

"Ак Жорго" гараждарын бошотуу мөөнөтү узартылды

Кыргызстан - Словения кызматташтыгы талкууланды

Россияда Кыргыз жаранына 988 миң рубль эмгек акысы төлөнүп берилди

Мамлекеттик чек ара кызматында кадрдык өзгөрүү орун алды

Бишкекте 10 айда 23 миңден ашык дарак отургузулду