Ошто үч эм наристе жарык дүйнөгө келди

Ошто үч эм наристе жарык дүйнөгө келди

Бүгүн Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынан үч эм наристе үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалымдалгандай, үч эм 2026-жылдын 3-ноябрында Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагындагы Семиз-Көл айылынын тургуну, 1995-жылы туулган Үпөл Нажи кызынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Наристелердин экөө кыз, бири уул. Эненин буга чейин дагы бир кызы бар.

34 жумалык мөөнөтүндө төрөлгөн ымыркайлар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, учурда ден соолугунун абалы туруктуу.

Наристелерди үйүнө чыгаруу аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Винера Раимбачаева жана оорукананын директору Атабек Жумалиев катышты. Иш-чарада жаш үй-бүлөгө өкүл Аманкан Кенжебаевдин атынан 50 миң сом акчалай жардам жана белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын тогуз айында аталган төрөт стационарында 6 миңге жакын ымыркай төрөлгөн. Алардын арасында 1 төрт эм, 4 үч эм жана 112 эгиз бар.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн жарандардын саны 9га жетти

Бишкекте бир күндө 6 миң көчөт отургузуу пландалууда

Кыргызстанда 7,7 млн долларлык сүт заводу курулууда

Кыргызстанда Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу пландалууда

Улуттук банк коммерциялык банкка 65 миң сом айып пул салды