Бишкекте бир күндө 6 миң көчөт отургузуу пландалууда

Бишкекте бир күндө 6 миң көчөт отургузуу пландалууда

Бишкек шаарында 14-ноябрда жалпы шаардык көчөт отургузуу акциясы өтөт. Иш-чаранын алкагында Манас көчөсүнүн жээгине бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейинки 6 миң түп бак-дарак отургузуу пландалууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, бул борбор калаанын тарыхында бир жолку иш-чарада мынчалык көп көчөт отургузулган алгачкы акция болот.

Иш-чара саат 09:00дөн 11:00гө чейин өтөт. Катышуучулар саат 09:00дө Бишкек мэриясынын имаратынын алдына чогулушат. Акцияга шаар мэри Айбек Жунушалиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары да катышат. Катышуучулар үчүн ысык чай уюштурулат.

Көчөттөрдү "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы камсыздайт. Учурда адистер отургузуу иштерине даярдык көрүп, атайын чуңкурларды даярдап жатышат.

Мэрия шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун экологиялык акцияга катышып, шаарды жашылдандырууга салым кошууга чакырат.

Катышуу тууралуу алдын ала билдирүү үчүн 0555 213 155 номери аркылуу Шаар чарба департаментинин директорунун орун басары Шухрат Төлөнбаевге кайрылса болот.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Электр тармагынын кампасынан материалдык баалуулуктар жоголуп жаткан

Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн жарандардын саны 9га жетти

Ошто үч эм наристе жарык дүйнөгө келди

Кыргызстанда 7,7 млн долларлык сүт заводу курулууда

Кыргызстанда Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу пландалууда