Жалган убада берип, жарандын 40 миң $ алган шектүү адам кармалды
“Оштун жаңы базарынан 4 соода орун берем..." - деген убада менен 40 миң $ алдамчылык жолу менен алган жаран кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмү тарабынан бул алдамчылыкка шектелген жаран колго түшүрүлдү.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 24-июль күнү Ош шаарынын Г. Айтиев көчөсүндө жайгашкан “Үч-Тал” кафесинде өзүн инвестор катары тааныштырган, тергөө учурунда өздүгү такталбаган “Амантур” аттуу жаран 1976-жылы туулган аялга Ош шаарындагы Б. Осмонов көчөсүндө жайгашкан “Жибек-Жолу” базарынын соода жүргүзүүгө ыңгайлуу “А” блогунун 12-катарынан 4 соода ордун берүүнү убада кылган.
Бул үчүн ал аялдан жалпы 40 000 $ алып, бирок убада кылынган соода орундарын бербестен, ишенимине кирүү жолу менен акча каражатын ээлеп алып, изин жашырып кеткен.
Аталган факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында алдамчылыкка шектүү катары Ош шаарынын 2003-жылы туулган тургуну Р.А. кармалды.
Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ош шаардык соту тарабынан шектүүгө карата бөгөт коюу чарасы каралып, эки ай мөөнөткө камакта кармоо жөнүндө чечим кабыл алынган.
Мындан тышкары, учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилип, тергөө амалдары улантылууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу