КРнын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

КРнын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, КРнын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 8-декабрга чейин созулат.

Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш. Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат.

Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.

Эскерте салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте унаасын туура эмес жерге токтоткон 14 айдоочу айыпка жыгылды

Москвадан Бишкекке учмакчы болгон жарандын 136 млн рубли конфискацияланды

Импорттоочулар товарларын 2027-жылга чейин каталогго киргизиши керек

Жалган убада берип, жарандын 40 миң $ алган шектүү адам кармалды

Кыргызстанда 2,5 млрд сомдук калдыктарды кайра иштетүүчү ишкана иштеп жатат