Өлкөдө илимий уюмдардын каржылык өз алдынчалыгы кеңейтилет

Өлкөдө илимий уюмдардын каржылык өз алдынчалыгы кеңейтилет

Кыргызстанда илимий уюмдардын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, илимий мекемелерди аккредитациялоо жана жогорку окуу жайлардын илимге бөлгөн каражатын көбөйтүү боюнча мыйзамдык өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 21-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын максаты — илим тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү, илимий иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана илимий уюмдардын финансылык өз алдынчалыгын кеңейтүү.

Өзгөртүүлөргө ылайык, илимий жана илимий-техникалык уюмдар келишимдик негизде көрсөтүлүүчү айрым акы төлөнүүчү кызматтардын жана аткарылуучу иштердин тарифтерин өз алдынча түзүп, белгилей алышат. Ошондой эле мындай уюмдарды аккредитациялоо киргизилип, анын тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.

Мыйзамда жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына да жаңы милдет жүктөлдү. Алар атайын каражаттарынын кеминде 3 пайызын өз мекемесинин ичинде илимди өнүктүрүүгө бөлүүгө тийиш.

Мындан тышкары, Илим фондунун каражаттарын пайдалануу багыттары кеңейтилди. Анын эсебинен илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы илимий жана илимий-техникалык уюмдарды базалык каржылоо, ошондой эле илимий программалар менен долбоорлорго көз карандысыз экспертиза жүргүзүү каралган.

Мыйзам менен илимий чөйрөдөгү бир катар түшүнүктөр да такталды. Алардын катарына "жетектөөчү окумуштуу", "илимий мектеп", "жарыялоо активдүүлүгү" жана "илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аккредитациялоо" түшүнүктөрү киргизилди.

Ал эми Улуттук илимдер академиясы жөнүндө мыйзамга ылайык, өзгөчө учурларда президенттин чечими менен тиешелүү наамы же илимий даражасы жок Кыргызстандын жараны да Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп дайындалышы мүмкүн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Импорттоочулар товарларын 2027-жылга чейин каталогго киргизиши керек

Жалган убада берип, жарандын 40 миң $ алган шектүү адам кармалды

КРнын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Кыргызстанда 2,5 млрд сомдук калдыктарды кайра иштетүүчү ишкана иштеп жатат

Ошто 467 миң сомдук алтын буюмдарын уурдоого шектелген кыз кармалды