Кыргызстан мигранттарды реинтеграциялоо тажрыйбасын бөлүштү
Кыргызстан кайтып келген мигранттарды мекенине адаптациялоо жана коомго аралаштыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди эл аралык аянтчада тааныштырды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 24–26-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында Будапешт процессинин алкагында мигранттарды мекенине кайтаруу жана реинтеграциялоо маселелерине арналган жумушчу топтун жыйыны жана жогорку кызмат адамдарынын кеңешмеси өтүп жатат.
Иш-чараларга Кыргызстандын эмгек министринин биринчи орун басары А.К. Алиясов катышып, өлкөнүн бул багыттагы тажрыйбасы тууралуу маалымат берди.
Ал Кыргызстандын Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 14-майындагы №334 тескемеси менен 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасы бекитилгенин белгиледи.
Программа мекенине кайтып келген жарандарды мамлекеттик колдоо, социалдык жана экономикалык жактан адаптациялоо, ишке орноштуруу жана ишкердигин өнүктүрүүгө көмөктөшүү чараларын камтыйт. Ошондой эле чет өлкөдө топтогон кесиптик көндүмдөрүн жана тажрыйбасын өлкө ичинде пайдаланууга шарт түзүү каралган.
Кыргызстан Будапешт процессине катышкан өлкөлөр менен кызматташууну улантууга, тажрыйба алмашууга жана кайтып келген мигранттардын туруктуу реинтеграциясына багытталган биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу