"Эркеч-Тамда" эки аскер жасалма өткөрмө үчүн кармалды

"Эркеч-Тамда" эки аскер жасалма өткөрмө үчүн кармалды

"Эркеч-Там" чек ара аймагына кирүү үчүн жасалма өткөрмө кагаздарын даярдап, акчага берип келген эки аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу Аскер прокуратурасы менен УКМКнын Аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгынын биргелешкен ишинин жүрүшүндө аныкталган.

Тергөөдө Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызмат адамдары жарандарга 1 миң сомдон 4 миң сомго чейин акча алып, жасалма өткөрмө кагаздарын системалуу түрдө даярдап берип келгени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") жана 379-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш иши козголгон. Кармалган эки аскер кызматкери гарнизондун гауптвахтасына киргизилди.

Учурда окуяга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Насаатчылык өсүштүн кыймылдаткычы: “Бизнестеги айымдар” программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Электромобилдер үчүн бөлүнгөн квота түгөндү

Кыргызстан Европага жана Азияга жаңы аба каттамдарын ачууну көздөйт

Өлкөдө мейманканаларга жана конок үйлөрүнө улуттук классификация берилүүдө

Тосор айылында 30-50 млн долларлык эл аралык спорттук комплекс курулат