Кыргызстан Европага жана Азияга жаңы аба каттамдарын ачууну көздөйт

Кыргызстан Европага жана Азияга жаңы аба каттамдарын ачууну көздөйт

"Кыргызстан аэропорттору" ААК менен Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов кабарлады.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Талкууда Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнө жаңы каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Алардын арасында Милан, Франкфурт, Берлин, Париж, Будапешт, Прага, Лондон, Брюссель, Токио жана Сингапур шаарлары бар.

Кол коюлган меморандум маршруттук тармакты кеңейтүү, жаңы эл аралык багыттарды ачуу жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн чет өлкөлөрдө жайылтуу боюнча биргелешкен иш алып барууну камтыйт.

Тараптар авиация жана туризм тармактарынын потенциалын өнүктүрүү багытында кызматташууну улантарын билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө мейманканаларга жана конок үйлөрүнө улуттук классификация берилүүдө

Тосор айылында 30-50 млн долларлык эл аралык спорттук комплекс курулат

МИК куруп жаткан үйгө баруу үчүн башка үйлөрдүн короосу аркылуу өтүш керек: Бишкектиктер сотко кайрылышты

Сары-Челекке жеке унаалардын кирүүсү чектелип, 20 электробус каттайт

Бажы кызматкерлеринин айлык акысы 1000 доллардан кем эмес