Өлкөдө мейманканаларга жана конок үйлөрүнө улуттук классификация берилүүдө

Өлкөдө мейманканаларга жана конок үйлөрүнө улуттук классификация берилүүдө

Кыргызстанда мейманканаларга жылдыз, тоолуу конок үйлөрүнө эдельвейс, ал эми боз үй жана чатыр лагерлерине түндүк берүү системасы ишке кирди. Объектилердин сапаты жана тейлөө стандарты атайын эксперттик топ тарабынан бааланат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатов журналисттер менен болгон бир күндүк иш сапардын алкагында билдирди.

Агенттиктин жетекчисинин айтымында, мейманканаларга бирден беш жылдызга чейин, тоолуу конок үйлөрүнө бирден үч эдельвейске чейин, ал эми боз үй жана чатыр лагерлерине "Түндүк-1", "Түндүк-2" жана "Түндүк-3" классификациялары берилет. Бул белгилер туристтерге жайгаштыруу жайынын сапатын жана тейлөө деңгээлин алдын ала билүүгө мүмкүндүк берет.

"Эгерде турист боз үй лагерине жайгашып, анда үч түндүк белгисин көрсө, бул объект мамлекеттик департамент тарабынан эң жогорку деңгээлде бааланганын билдирет", - деди Кубатов.

Туризм өнүктүрүү фондунун жетекчиси Адилет Жанузаков улуттук классификация системасы өкмөттүн токтомунун негизинде ишке ашырылып жатканын белгиледи. Токтом өткөн жылы кабыл алынып, быйыл система толук кандуу иштей баштаган. Туризмди өнүктүрүү фонду бул системанын катчылыгы болуп эсептелет.

Анын айтымында, объектилерден өтүнмөлөр түшкөндө атайын эксперттик топ ар бирине өзүнчө барып, бекитилген стандарттардын негизинде абалын жана тейлөө сапатын текшерет. Баалоонун жыйынтыгында мейманканага жылдыз, конок үйүнө эдельвейс, боз үй лагерине түндүк ыйгарылат.

Эдуард Кубатов, учурда Казакстан менен Өзбекстан да Кыргызстан колдонуп жаткан эдельвейс жана түндүк классификациясына кызыгып, системаны изилдеп жатышканын кошумчалады.

Журналисттер менен болгон иш сапардын жүрүшүндө Ысык-Көлдөгү эки мейманканага алардын классификациясын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан Европага жана Азияга жаңы аба каттамдарын ачууну көздөйт

Тосор айылында 30-50 млн долларлык эл аралык спорттук комплекс курулат

МИК куруп жаткан үйгө баруу үчүн башка үйлөрдүн короосу аркылуу өтүш керек: Бишкектиктер сотко кайрылышты

Сары-Челекке жеке унаалардын кирүүсү чектелип, 20 электробус каттайт

Бажы кызматкерлеринин айлык акысы 1000 доллардан кем эмес