Электромобилдер үчүн бөлүнгөн квота түгөндү
Быйылкы жылга электромобилдер үчүн бажы алымысыз 25 000 квото бөлүнүп, анын бардыгы колдонулду. Бул тууралуу бажы кызматынын төрагасы Улан Кимсанов ачык кабинет долбоорунун алкагында билдирди.
Ал кийинки жылы да квота бөлүнөрүн, ал боюнча сүйлөшүүлөр декабрь айында башталарын айтты.
"Квота боюнча сунушуту негизинен Экономика министрлиги берет. Биз дагы бере алабыз. Бажы салык саясатын Экономика министрлиги жүргүзөт", - деди Кимсанов.
Эске салсак, жыл башында 15 000 квота бөлүнгөн. Бирок август айында кошумча 10 000 квота берилген. Азыркы тапта электромобилдерди өлкөгө алып кирүүдө бажы алымы алынат.
0:00
/1:17
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу