Сары-Челекке жеке унаалардын кирүүсү чектелип, 20 электробус каттайт

Сары-Челекке жеке унаалардын кирүүсү чектелип, 20 электробус каттайт

Жалал-Абад облусундагы Сары-Челек биосфералык коругуна жеке автоунаалардын кирүүсү чектелип, туристтерди ташуу үчүн 20 электробус ишке киргизилет. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов "Ачык кабинет" программасынын алкагында билдирди.

Анын айтымында, визит-борбор курулуп, көлгө чейинки жолдор асфальтталат. Бул чаңдын көтөрүлүшүн азайтууга багытталган. Визит-борбордо даараткана, коворкинг, кофейня, дүкөн, кир жуучу жай жана түнөп калууну каалаган туристтер үчүн бөлмөлөр болот.

Туристтерди ташуу үчүн 20 электробус сатып алынып, алар үч багыт боюнча шаардык коомдук транспорт сыяктуу каттайт. Келүүчүлөр жаратылыш паркына кирүү акысын жана жол кирени QR-код аркылуу төлөй алышат.

Электробустар туристтерди көлгө чейин жеткирип, аларга аймакты жана кооз жерлерди көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Көлдүн жээгинде унаа токтотуучу жайлар каралбайт жана жеке автоунаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилет.

Бул системаны 2027-жылы ишке киргизүү пландалууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

"Ала-Тоо Резорттун" ачылышына 15 миңдей турист келери күтүлүүдө

Банкка акча ташыган киши агасы менен бирге кылмыш жасоого айыпталууда

E-COM EXPO тарабынан DemirBank эң мыкты коммерциялык банк катары тандалды

"Байтик Резорт" курортун курууга 200 млн доллар инвестиция салынат

Бажыда 10 айда 19 миңден ашык мыйзам бузуу катталды