Тосор айылында 30-50 млн долларлык эл аралык спорттук комплекс курулат

Тосор айылында 30-50 млн долларлык эл аралык спорттук комплекс курулат

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында эл аралык деңгээлдеги спорттук комплекс курулат. Долбоордун инвестициялык көлөмү 30 миллиондон 50 миллион долларга чейин бааланууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Адилет Жанузаков билдирди.

Анын айтымында, көл жээгиндеги 72 гектар жер мамлекеттик чечимдин негизинде фондго берилген. Учурда долбоорлор даярдалып, аны ишке ашыруу үчүн жергиликтүү инвесторлор табылган.

Спорттук комплексти куруу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде жүргүзүлүп, ага 3 жылдан 5 жылга чейинки убакыт каралган. Келишимдин шарттарына ылайык, объект 30 жылдан кийин мамлекеттин менчигине өткөрүлөт. Ал эми жумуш орундарынын 80-100 %ы жергиликтүү тургундарга берилери пландалууда.

Фонддун директору белгилегендей, долбоорго "Улуттук долбоор" макамы берилет. Комплекс деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашып, эл аралык деңгээлдеги спортчуларды даярдоого ылайыкталат. Ошондой эле олимпиядалык оюндарга даярданууга да эң ыңгайлуу жерге айланат.

Ал эми Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатов мындай деңгээлдеги олимпиадалык спорттук комплекстер дүйнөнүн саналуу гана өлкөлөрүндө бар экенин кошумчалады.

Анын айтымында, Норвегия, Кения, Эфиопия, АКШ жана Италияда ушундай машыгуу борборлору иштейт. Тосор айылындагы комплекстин бийик тоолуу шартта жайгашуусу спортчулардын даярдыгына оң таасирин тийгизет. Долбоор ишке ашса, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча машыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

МИК куруп жаткан үйгө баруу үчүн башка үйлөрдүн короосу аркылуу өтүш керек: Бишкектиктер сотко кайрылышты

Сары-Челекке жеке унаалардын кирүүсү чектелип, 20 электробус каттайт

Бажы кызматкерлеринин айлык акысы 1000 доллардан кем эмес

"Ала-Тоо Резорттун" ачылышына 15 миңдей турист келери күтүлүүдө

Банкка акча ташыган киши агасы менен бирге кылмыш жасоого айыпталууда