МИК куруп жаткан үйгө баруу үчүн башка үйлөрдүн короосу аркылуу өтүш керек: Бишкектиктер сотко кайрылышты
Бишкектеги Таш-Көмүр көчөсүнүн №6 жана №8 үйлөрүнүн жашоочулары Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) куруп жаткан турак жай комплексине кирүүчү жолдун долбоорун өзгөртүүнү талап кылууда. Долбоордук документтерге ылайык, жаңы имаратка азыркы кире бериш унаа токтотуучу жайга айландырылып, анын ордуна жол коңшу беш кабаттуу үйлөрдүн жеке менчигиндеги короо аймагы аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.
Economist.kg басылмасынын маалыматына караганда, 24 кабаттуу үйдүн курулушу 2025-жылдын май айында башталып, 2026-жылдын ноябрына карата имарат 17–18 кабатка жеткен. Тургундардын айтымында, курулуш башталгандан бери анын мыйзамдуулугун тастыктаган документтерди алуу үчүн мамлекеттик органдарга бир нече жолу кайрылышкан. 2026-жылдын августунда алар “МИК” ААКна, “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасына, “Градстройресурс” ЖЧКсына жана курулушка субподрядчы катары катышкан дагы бир компанияга каршы сотко доо арыз беришкен.



Алгач тургундар мыйзамсыз курулушту буздурууну, жер тилкесине болгон укуктарынын бузулушун жоюуну жана курулушка берилген документтерди жараксыз деп табууну талап кылышкан. Буга Бишкек башкы архитектурасынын мурда берилген шаар куруу корутундусун жокко чыгарганы тууралуу жообу негиз болгон.
Бирок соттук териштирүү учурунда жоопкерлер талаштын жүрүшүнө таасир эткен документтерди көрсөтүшкөн. МИКтин, «Кыргызстройсервистин» жана куруучу компаниянын өкүлдөрү Курулуш министрлигинин мурда жокко чыгарылган шаар куруу корутундусунун күчүн калыбына келтирүү тууралуу буйругун беришкен. Ага тиркелген схемадан тургундар жаңы жол өздөрүнүн жеке менчигиндеги короо аймагы аркылуу өтөрүн көрүшкөн. Ушундай эле жол курулуштун жалпы долбоорунда да каралган.
13-ноябрдагы сот отурумунда МИК жаңы үйдүн унаа токтотуучу жайын уюштуруу үчүн Бишкек мэриясынын муниципалдык жер тилкесин берүү тууралуу токтомун көрсөткөн. Тургундардын бири, юрист Мурат Боконбаевдин түшүндүрмөсүнө караганда, дал ушул тилкеде жаңы курулуп жаткан үйгө алып баруучу учурдагы асфальт төшөлгөн жол жайгашкан. Азыр аны курулуш техникасы өтүү үчүн колдонуп жатышат. Жол эки тараптуу: жаңы үйгө Чыңгыз Айтматов проспектисинен да, Таш-Көмүр көчөсүнөн да кирүүгө болот.
Бирок долбоорго ылайык, курулуш аяктагандан кийин азыркы жол унаа токтотуучу жайга айланат. Натыйжада жаңы имаратка башка кире бериш уюштуруу зарылдыгы жаралат. Долбоордук документтерде ал жолду коңшу үйлөрдүн короосу аркылуу өткөрүү каралган. Тактап айтканда, балдар аянтчасы, жашыл аймак, гүлзарлар, кир жууп кургатуу аянтчасы жана тургундардын унаа токтотуучу жайлары аркылуу өтүшү мүмкүн.
Мындан сырткары Economist.kg редакциясына кайрылган жарандар азыркы өтмөк бар туруп, эмне үчүн башка бирөөнүн жеке менчигиндеги жер аркылуу жаңы жол куруу жана ага бюджеттик каражат сарптоо зарылдыгы жаралганына түшүнбөй жатышканын билдиришкен.
Сот отурумунда тургундар МИКтин жана куруучу компаниянын өкүлдөрүнөн жаңы жол өткөрүү пландалган жер тилкесине тиешелүү документтери бар-жогун сурашкан. ГИК менен «Кыргызстройсервистин» өкүлдөрү бул суроону куруучу компанияга багытташкан. Тургундун айтымында, «Градстройресурс» ЖЧКсынын өкүлү мындай документтер жок экенин билдирген. Ал эми Бишкек башкы архитектурасынын өкүлү мекеме бул жолду макулдашпаганын айткан.
Тургундар өз талаптарын 2017-жылдын 12-июлунда берилген жерге менчик укугу тууралуу эки мамлекеттик акт менен негиздеп жатышат. Алардын бири кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү реестрине №2017-122420, экинчиси №17/122411 номери менен катталган. Короого тиешелүү жер тилкесинин чек аралары 2012-жылы эле аныкталып, Бишкек башкы архитектурасы менен макулдашылган. Документте аймактын чектери жана сервитут зонасы көрсөтүлгөн. Ал эми башкы пландагы түшүндүрмөгө ылайык, жерге коюлган чектөө инженердик коммуникацияларга гана тиешелүү болуп, унаа жолун курууну же унаа токтотуучу жайларды жайгаштырууну караштырбайт.
Таш-Көмүр көчөсүндөгү №6 жана №8 үйлөрдүн тургундары Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин буга чейинки ачык билдирүүсүн да эске салышты. Депутат жашоочулардын кайрылуусунан кийин ГИК менен байланышкан. Анын айтымында, компания унаа токтотуучу жайды курулуп жаткан комплекстин ичине көчүрүп, коңшу үйлөрдүн жер тилкесин пайдаланбоону көздөп жатканын билдирген.
Бирок тургундар бул түшүндүрмө маселени толук чечпейт деп эсептешет. Алардын айтымында, унаа токтотуучу жайлар чындап эле өздөрүнүн аймагына кирбейт. Бирок азыркы кире беришти унаа токтотуучу жайга айландыруу жаңы имаратка жетүү маселесин чечпейт. Анткени сотко көрсөтүлгөн документтерде жаңы жол алардын жеке менчигиндеги жер аркылуу өтөрү белгиленген.
Жоопкерлер сотто долбоордук жана башка документтерди көрсөткөндөн кийин тургундар доо талаптарын өзгөртүүнү чечишкен. Эми алар МИКти жана башка жоопкерлерди короо аймагына болгон укуктарын бузууга тыюу салууну, ошондой эле куруучу компанияны долбоордук документтерге өзгөртүү киргизип, өздөрүнө таандык жер аркылуу жол өткөрүүнү алып салууга милдеттендирүүнү суранып жатышат.