“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандарга электр энергиясы үчүн жеңилдиктин акчалай түрү сунушталууда

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандарга электр энергиясы үчүн жеңилдиктин акчалай түрү сунушталууда

Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына өзгөртүү киргизүү боюнча Министрлер Кабинетинин токтом долбоору бүгүн, 26-ноябрда, коомдук талкууга чыгарылды.

Документте 2027-жылдын 1-январынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар жана “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф берүүнүн ордуна акчалай компенсация төлөө каралган.

Учурда бул категориядагы үй-бүлөлөр айына 700 кВт/саатка чейинки электр энергиясын 1 кВт·саатына 50 тыйындан төлөп келишет. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсынын аймактык электр тармактарынын филиалдарынын маалымат базасында мындай жеңилдикти пайдаланган 41,7 миң үй-бүлө катталган.

Маалымкат-негиздемеде жеңилдикти иш жүзүндө жашаган жери боюнча берүү механизми айрым жарандар үчүн кыйынчылык жаратып жатканы белгиленген. Мисалы, ижарага алынган үйдө жашагандардын өзүнчө жеке эсеби жок болушу же электр энергиясына эсеп башка адамдын атына катталышы мүмкүн. Ошондой эле жашаган жерин тез-тез алмаштыруу жеңилдикти өз убагында алууга тоскоолдук жаратат.

Ушуга байланыштуу 2027-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик колдоонун монетизацияланган, башкача айтканда, акчалай компенсация төлөө механизмине өтүү сунушталууда.

Компенсациянын өлчөмү кандай болот?

Долбоорго ылайык, "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучуларга калк үчүн колдонуудагы тариф менен 1 кВт·саат үчүн 50 тыйындын ортосундагы айырманын негизинде компенсация төлөнөт. Анын көлөмү мезгилге жараша төмөнкүдөй белгиленет:
  • жай мезгилинде (1-апрелден 1-октябрга чейин) — айына 588 сом;
  • кыш мезгилинде (1-октябрдан 1-апрелге чейин) — айына 798 сом.

Компенсация 700 кВт/саатка чейинки керектөөнүн чегинде эсептелет. Бирок жай мезгилинде эсепке алынуучу электр энергиясынын көлөмү 400 кВт/саатка чейин, ал эми кышында 700 кВт/саатка чейин болот.

Маалымкатта жөлөкпул алуучулар электр энергиясынын 1 кВт/саатына 50 тыйын төлөөнү улантары, ал эми калган айырма мамлекет тарабынан компенсацияланары көрсөтүлгөн. Компенсациянын өлчөмү электр энергиясына тарифтер өзгөргөн сайын кайра каралып турат.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2027-жылы акчалай компенсацияларды төлөөгө республикалык бюджеттен 381,2 млн сом талап кылынат.

Абоненттердин саны

 

 

1 абонентке, жайында 400 кВтс чейин, сом

1 абонентке, кышында 400 кВтс чейин, сом

2027 жылга компенсациянын суммасы, млн.сом

41 695  

588

798

381,2

Электромобилдерди кубаттоочу станциялар үчүн тариф

Токтом долбоорунда электромобилдерди кубаттоочу станциялар үчүн колдонулган тарифтик топко киргизүү тартибин тактоо да сунушталган.

Учурда бул топко кирген керектөөчүлөр электр энергиясынын 1 кВт·сааты үчүн 5,99 сом төлөшөт. Бирок колдонуудагы тарифтик саясатта коммерциялык кубаттоочу станциялар менен жеке муктаждыктар үчүн гана пайдаланылган түзүлүштөрдүн ортосунда так айырма көрсөтүлгөн эмес.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, менчик формасына карабастан, электр унааларын кубаттоо кызматын коммерциялык негизде көрсөткөн юридикалык жана жеке жактар гана ушул тарифтик топко киргизилет.
Ал эми үчүнчү жактарга кызмат көрсөтпөгөн, кубаттоо үчүн акы албаган жана өз муктаждыгы үчүн гана пайдаланылган кубаттоочу түзүлүштөр бул топко кирбейт. Алар электр энергиясы үчүн өздөрүнө тиешелүү керектөөчүлөр категориясына белгиленген тариф боюнча төлөшөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Айыл чарбаны, айылдык жамааттарды өнүктүрүүгө салымын кошкон аялдар белгиленди

Кыргызстан мигранттарды реинтеграциялоо тажрыйбасын бөлүштү

Жумуш издегендер үчүн акысыз портал ишке кирди

Мыйзамсыз онлайн-казино: 276 оюн автоматы табылды

Кыргызстан менен Швейцария авиация тармагында кызматташат