Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды.
Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды.

Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле ал тиешелүү кызматтарга долбоордун концепциясын ыкчам иштеп чыгуу, алдын ала долбоорду даярдоону тездетүү тапшырмасын берди.