Жаңы Баткен: 760 гектар аянтта экологиялык шаар курулат
Баткен облусунун узак мөөнөттүү өнүктүрүү программасынын алкагында жаңы Баткен шаарын куруу демилгеси тургундар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталганын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул багытта Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ортосунда экологиялык шаардын башкы планынын концепциясын иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлгөн.
Министрликтин адистери шаардын концепциясын облус жетекчилигине тааныштырды. Талкуу учурунда шаар куруу пландоосу боюнча адистердин маалыматы угулду.
Белгилүү болгондой, шаар 760 гектар аянтка курулат. Анын ичинен 120 гектар борбордук зона болуп аныкталып, анда административдик имараттар жайгаштырылат.
Ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, диний жана башка социалдык объекттер, спорт аянтчалары, эс алуу парктары, автовокзал, мейманкана, базар жана өнөр жай зоналары, ошондой эле турак жай кварталдары каралган.
Жыйынга Мамыржан Рахимов, анын орун басарлары, шаар жана район жетекчилери, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Башкы планга Мамыржан Рахимов тарабынан шаарды жылуулук менен камсыздоо системасы, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар жана электр энергиясын камсыздоо үчүн подстанция куруу боюнча сунуштар кошулат. Ошондой эле айрым мамлекеттик органдардын административдик имараттарды куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча кайрылууларына байланыштуу кошумча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
Жетекчилик тарабынан концепция оң бааланды. Адистер документ ушул жылдын үчүнчү кварталынын аягына чейин сунуштар эске алынып толукталып, кайра иштелип чыгарын билдиришти.