Кыргызстандагы жумуш берүүчүлөрдүн дээрлик 80% иш тажрыйбасын талап кылышат

Кыргызстандагы жумуш берүүчүлөрдүн дээрлик 80% иш тажрыйбасын талап кылышат

Иш берүүчүлөрдүн 79%ы тажрыйбасы бар талапкерлерден арыз күтөт. Мындан тышкары, талаптардын жарымынан көбү кыска бир жылдан үч жылга чейинки тажрыйбага тиешелүү. Мындай жыйынтыкты Head Hunter компаниясы веб-сайтында жайгаштырылган жумуш берүүчү жайгаштырган вакансияларга жана талапкерлердин резюмелерине жүргүзгөн талдоосунун негизинде айтты.

Маалыматка ылайык, платформадагы 3.5 миң активдүү вакансиялардын ичинен 21% гана тажрыйбасы жок талапкерлерди ала беришерин билдирген. Иш берүүчүлөрдүн 56%ы кызматкерлердин бир жылдан үч жылга чейинки тажрыйбасы бар болушун талап кылышкан.

Вакансиялардын 4% алты жылдан ашык тажрыйбасы бар кызматкерлерге багытталган. Калган 19% вакансиялар кесиби боюнча үч жылдан алты жылга чейинки тажрыйбасы бар талапкерлерге берилет.

Мындан тышкары, эмгек стажы жок адистер жогорулатылган эмгек акы төлөнүүчү жумушка барса болот – ал бир жыл ичинде 11%га өсүп, 28 973 сомду түзгөн. Алты жылдан ашык стажы бар тажрыйбалуу жумушчулардын бош орундары боюнча эмгек акы бир жылдын ичинде 7%га жогорулап, 72 432 сомду түздү.

Ал эми кесиби боюнча орточо стажысы жана иш стажы (үч жылга чейин) бар адистер үчүн сунушталган жумуштардагы маяна 9%га өсүп, 36 миң 216 сомду түздү. Жаңы баштагандар менен тажрыйбалуу адистердин орточо кирешесиндеги ажырым учурда 43 миң сомду түзөт.

Талдоого ылайык, жумуш берүүчүлөр көбүнчө бухгалтер, өндүрүштүк-техникалык бөлүмдүн инженери, смета боюнча инженер, прораб, курулуш участогунун бригадири, инженер-конструктор сыяктуу кесиптердин тажрыйбасына жогорку талаптарды коюшат.

Ал эми тажрыйбага эң аз жалпы талаптар сатуу боюнча менеджер, кардарларды тейлөө боюнча менеджер, колл-борбордун оператору, байланыш борборунун адиси, сатуу боюнча кеңешчи, кассир жана администратор кызматтарына коюлат.


Белгилей кетсек, Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 9%ды түзөт. Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) октябрь айындагы отчетунда айтылгандай 2023-жылы деле ошол деңгээлде калат.

Ал эми Кыргызстандагы Эл аралык республикалык институттун (IRI) Аналитикалык изилдөөлөр борборунун (CISR) изилдөөсүндө айтылгандай, кыргызстандыктар (сурамжылоого катышкандардын) өлкөнүн эң орчундуу көйгөйлөрү катары жумушсуздук жана кымбатчылыкты аташкан.

Кыргызстан жумушсуздук боюнча ЕАЭБде экинчи орунда турат
Кыргызстан жумушсуздуктун деңгээли боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ. Буга бирикменин статистика башкармасынын маалыматтары далил болот. 2022-жылдын акырына карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ишке орноштуруу кызматтарында 824.3 миң адам же жумушчу күчүнүн 1%да…

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө эл аралык мелдеш өтө турган аймактагы курулуш иштери күчөтүлдү

Ысык-Көлдө эл аралык мелдеш өтө турган аймактагы курулуш иштери күчөтүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарында бир катар курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нурдан Орунтаев алгач быйыл Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө даярдык

Түптө өсүмдүк майын өндүрүүнү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүлөт

Түптө өсүмдүк майын өндүрүүнү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүлөт

Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев аймактагы кайра иштетүүчү ишканалардын жана айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, Түп районундагы "Эрдик" кооперативине өзгөчө көңүл бурулуп, анда жаңы сафлор жана зыгыр майын

Кыргызстанда 3,5 баллдык жер титирөө катталды

Кыргызстанда 3,5 баллдык жер титирөө катталды

14-июнда таңкы саат 05:11де өлкө аймагында жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Шиленкана айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Торкент айылынан түндүк-чыгышка карай 19 чакырым жана Токтогул шаарчасынан чыгышты көздөй 36 чакырым аралыкта болгон. Жер титирөөнүн күчү Шиленкана айылында болжол менен 3,5

Электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга коюлган чектөө узарды

Электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга коюлган чектөө узарды

Министрлер кабинети Токтогул суу сактагычында суу жетиштүү көлөмдө топтолгонго чейин электр энергиясын көп керектеген жаңы объекттерди тармакка кошууга киргизилген чектөөнү күчүндө калтырды. Бул тууралуу өкмөттүн 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча кабыл алган токтомунда көрсөтүлөт. Токтомдо калкты электр энергиясы, жаратылыш газы жана көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча