Транспорт
Суусамыр – Талас – Тараз жолунда курулуш кызуу жүрүүдө
Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун IV фазасын реконструкциялоо иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда жол жээгин тегиздөө жана кеңейтүү, суу түтүктөрүн жылдыруу, бетон электр мамычаларын демонтаждоо, ошондой эле көпүрөлөрдү куруу иштери жүрүп жатат. Курулушка 147ден ашык атайын техника тартылып, 229 жумушчу иш алып