Ош базарында 3 млн сомдук акциздик маркасыз тамеки кампасы табылды
Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) кызматкерлери Бишкекте Ош базарынын аймагында тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташканын аталган органдын маалымат кызматы билдирди. МСКнын билдиргенине караганда, жеке ишкер кампада акциздик маркасыз ар кандай аталыштагы чет өлкөдө өндүрүлгөн тамекилерди сатып жаткан. Жалпы суммасы 3.4 млн сомго 69 миң 504 куту тамеки тартып алынды.