акыркы жаңылыктар

Бишкекте доллар 88 сомго түштү

Бишкекте доллар 88 сомго түштү

Бишкекте бүгүн, 25-февралда саат 11.40га карата доллардын наркы 88 сомго түштү. Мындай маалыматты Valuta.kg порталына карап айтууга болот. Улуттук банктын расмий сайтында белгилеген доллардын курсу 84.8 сом. Эскерте кетсек, кечээ, 24-февралда Укранинадагы окуялардан улам Кыргызстанда рубль төмөндөп, доллардын курсу болсо 95 сомго чейин көтөрүлгөн болчу. * Эскерте кетсек,

Эр-Рияддагы жарманкеде 50гө жакын кыргызстандык фирмалар өз продукцияларын коюшту

Эр-Рияддагы жарманкеде 50гө жакын кыргызстандык фирмалар өз продукцияларын коюшту

Кечээ, 24-февралда Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы Digital City аянтында 50гө жакын кыргызстандык фирмалар өз продукцияларын коюшканын Инвестициялар боюнча агенттигинин маалымат кызматы билдирди. Жарманкеге КРнын айыл чарба продукциялары (бал, кургатылган жемиштер, ширелер, кыямдар жана бөтөлкөлөнгөн суу), кол өнөрчүлүк буюмдары (кийиз буюмдар) коюлуп, 35тен ашык ишканалар, ошондой эле 11 туристтик компания катышышкан.

Улуттук банктын эл аралык резервинде 2.8 млрд доллар бар

Улуттук банктын эл аралык резервинде 2.8 млрд доллар бар

2022-жылдын 22-февралына карата Улуттук банктын эл аралык резерви 2 млрд 792.4 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу регулятордун кечээ, 24-февралда валюта рыногундагы абал боюнча билдирүүсүндө айтылды. Улуттук банктын билдирүүсүнө таянсак, бул эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн 6 айын камсыздайт. «Эл

Россия менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү 2.5 млрд долларга жакындады

Россия менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү 2.5 млрд долларга жакындады

Россия менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү 2.5 млрд долларга жакындады. Бул тууралуу Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өткөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун РФнын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусунда белгилүү болду. Жапаров белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын март айында КР менен РФнын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин

Беларусь менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү өткөн жылы 72 млн долларды түздү

Беларусь менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү өткөн жылы 72 млн долларды түздү

Беларусь менен КРнын өз ара соода жүгүртүүсү өткөн жылы 72 млн долларды түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко менен жолугушуу учурунда айтылды. Жапаров 2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы өз ара байланыштардагы жана эки тараптуу

Улуттук банк ички валюта рыногуна катышуусун улантат – 13 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүздү

Кызыктуу

Улуттук банк ички валюта рыногуна катышуусун улантат – 13 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүздү

Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо түптөлгөн жагдайга туруктуу көз салып турат. Зарыл болгон шартта ички валюта рыногуна катышуусун улантат жана аны жумшартуу үчүн зарыл инструменттерге ээ. Мындай билдирүүнү регулятор жасады. УБ Украинадагы кырдаалдан улам ички валюта рыногунда долларга суроо-талаптын жогорулашы байкалып жатканын белгилеп, мындай абал көбүнчө

Улуттук банк доллардын курсун кармоо үчүн 13 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүзүүдө

Улуттук банк доллардын курсун кармоо үчүн 13 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүзүүдө

Улуттук банк бүгүн, 24-февралда доллардын курсун кармоо үчүн 13 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүзүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы Economist.kg басылмасына билдирди. Эскерте кетсек, Укранинадагы окуялардан улам Кыргызстанда рубль төмөндөп, доллардын курсу 95 сомго чейин жетти. Белгилей кетсек, Кыргызстандагы бир катар коммерциялык банктар орус акчасынын туруксуздугуна байланыштуу доллар

Украинадагы окуялардан улам Кыргызстанда доллардын курсу 100 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Украинадагы окуялардан улам Кыргызстанда доллардын курсу 100 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Улуттук банк доллардын курсун эркин кое берсе, Кыргызстанда доллардын курсу 100 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына «Альянс» акча алмаштыруу бюролор Ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов билдирди. Рыскуловдун айтымында, ата мекендик бизнес россиялык базар менен иштегендиктен биздин акча алмаштыруу жайлары Москва биржасына ориентир алышат. Бирок алар негизинен Улуттук

Мыйзам колдоо тапса, КРга кирген чет өлкөлүк жарандар медициналык камсыздандыруу алууга милдеттенишет

Мыйзам колдоо тапса, КРга кирген чет өлкөлүк жарандар медициналык камсыздандыруу алууга милдеттенишет

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө медициналык камсыздандырууну алуусу керек деген пикирин билдирди. Депутаттын айтымында, КРнын жарандары чет өлкөгө барганда сөзсүз түрдө алышат жана чет өлкөлүктөрдү да милдеттендирүү зарыл. Саламаттыкты Сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул мыйзам өткөн чакырылыштын депутаттарына да сунушталганын

Бишкекте рубль 1 сомдон төмөндөдү

Бишкекте рубль 1 сомдон төмөндөдү

Украинадагы окуялардан улам Бишкекте рублдин сатып алуу курсу 1 сомдон төмөн түштү. Бул тууралуу valuta.kg порталынын маалыматы тастыктайт. Бүгүн рублдин сатып алуу курсу 0.83 сомду, сатуу курсу 1 сомду түздү. Кечээ эле, 23-февралда 1 рубль 1.06 сомдон сатылып алынып, 1.09 сомдон сатылган. * Белгилей кетсек, рубль арзандап

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун карызы 181 млн сом – Жуманазаров

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун карызы 181 млн сом – Жуманазаров

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММК фонду) карызы 181 млн сомду түздү. Бул тууралуу ММК фондунун жетекчиси Артурбек Жуманазаров бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Белгилей кетсек, ушул эле жыйында ММК фонду 2020-жылы 390 млн сомду максатсыз жана мыйзамсыз жумшаганын Эсептөө палатасы билдирди. Аталган каржылык мыйзам бузуулар тууралуу суроолорго жооп берип

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 390 млн сомду мыйзамсыз жумшаган

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 390 млн сомду мыйзамсыз жумшаган

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК фонду) 2020-жылы 390 млн сомду максатсыз жумшаган. Бул жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталганын бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Алмаз Акматов билдирди. Эсептөө палатасы бул каржылык бузуулар 2020-жылы пандемия учурунда болгонун жана каражаттар максатсыз пайдаланылганын белгиледи. «Жалпысынан каржылык бузуулар 390 млн сом болгон. Анын