Экономика министрлиги рестораторлорго бирдиктүү салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүүнү карайт
Экономика министрлиги коомдук тамактануучу жайлардын бирдиктүү салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүү боюнча кайрылуусун карайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Министрлик 2021-жылдын 1-сентябрында КРнын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору өкмөттүн расмий сайтында коомдук талкууга коюлганын эске салды. Анда талдоолорду эске алуу менен коомдук тамактануу ишканалары үчүн бирдиктүү салыктын