Президент да Түрк Инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекте жайгаштырууга кызыкдар
Президенти Садыр Жапаров кечээ, 22-мартта, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Аксакалдар Кеңешинин төрагасы жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Биналы Йылдырымды кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Жолугушуу башында Мамлекет башчысы Йылдырымды Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы ардактуу кызматына шайланышы менен куттуктады жана ага Кыргызстанга жеке көңүл бургандыгы