Министрлер кабинети 9 га жерди «Кыргыз Петролеум Компаниге» 49 жылга берүү боюнча билдирүү жасады
Министрлер кабинети 9 га жерди «Кыргыз Петролеум Компаниге» 49 жылга акысыз пайдаланууга берүү мүмкүндүгү боюнча билдирүү жасады. Кабинеттин берген маалыматына таянсак, аталган жер тилкеси «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын нефтини кайра иштетүүчү заводунун өндүрүшүн модернизациялоодо пайдаланылат. Economist.kg буга чейин маалымдагандай, Экономика министрлиги Жалал-Абад шаарындагы жер тилкесин «Кыргыз Петролеум Компани»