акыркы жаңылыктар

Талас облусунда кант заводу ишке кирди – аз камсыз болгондорго бекер берилет

Талас облусунда кант заводу ишке кирди – аз камсыз болгондорго бекер берилет

Талас районунда «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен кант заводу ишке берилди. Анын расмий ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Долбоор «Альянс Алтын» компаниясынын алдында түзүлгөн «Бакубат Талас» фондунун колдоосу менен ишке ашты. Кант заводун ишке киргизүүгө фонд тарабынан 16.8 млн сом бөлүнгөн. Белгилей кетсек, каражат пайызсыз негизде

Быйыл 723 миң га жерге жазгы талаа иштери жүргүзүлөт

Быйыл 723 миң га жерге жазгы талаа иштери жүргүзүлөт

Быйыл 723.5 миң гектар жерге жазгы талаа жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүп кетиш үчүн быйыл мамлекет тарабынан акча каражаты эртерээк бөлүндү. Субсидиялоого быйыл

Президент кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады

Президент кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-февралда, Пекин шаарында Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты. Мындан тышкары, КР экономиканын тиешелүү тармактарында жаңы долбоорлорду стимулдаштыруу максатында

Кытай Кыргызстанга 50 млн юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берет

Кытай Кыргызстанга 50 млн юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берет

Кытай тарап Кыргызстанга 50 млн юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 6-февралда, Пекин шаарында Кытайдын (КЭР) Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу учурунда белгилүү болгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. 50 млн юань КРнын коопсуздук тармагына берилет. Андан сырткары, КЭР коронавируска каршы кошумча 5 млн

Кореялык компанияга FinMarket санариптик платформасынын долбоору тааныштырылды

Кореялык компанияга FinMarket санариптик платформасынын долбоору тааныштырылды

Кечээ, 3-февралда КРнын Улуттук банкында «Кыргызстан банктарынын биримдиги» жана өлкөнүн коммерциялык банктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өттү. Анда Кореядан келген KT Corporation компаниясына FinMarket санариптик платформасы тааныштырылды. Түштүк Кореянын делегациясын KT Corporation өкүлчүлүгүнүн директору Ким Хак Су жана ал компаниянын бизнести өнүктүрүү боюнча менеджерлери Айсулуу Умамбекова менен Элгиза Раева

Садыр Жапаров: Жакында тоо балыбыз, сүт азыктары, мөмө-жемиштер Кытайдын рыногуна кирет

Садыр Жапаров: Жакында тоо балыбыз, сүт азыктары, мөмө-жемиштер Кытайдын рыногуна кирет

Президент Садыр Жапаров учурда Кыргызстан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Кытайдын эл аралык CGTN телеканалына берген маегинде айтты. «Жакында кытай рыногунда тоо балыбызды, сүт азыктарын жана мөмө-жемиштерди көрөсүңөр деп ишенем», – деди президент. Ал ошондой эле акыркы бир нече

23 миң салык төлөөчү жаңы салык режимин тандады

23 миң салык төлөөчү жаңы салык режимин тандады

Жаңы Салык кодексинин ишке киргизилишине байланыштуу салык төлөөчүлөрдөн салык режимин тандоо жөнүндө 23 миң 272 арыз түшкөнүн МСКнын маалымат кызматы билдирди. Алардын ичинен 1136 салык төлөөчү жалпы салык режимине, 22 136 салык төлөөчү бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасына, анын ичинен 14 775 бирдиктүү салыкка, 7295 нөлдүк ставка менен

Садыр Жапаров: Жакынкы арада Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштайбыз

Садыр Жапаров: Жакынкы арада Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштайбыз

Жакынкы арада Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кытайдын CGTN эл аралык телеканалына берген маегинде билдирди. Жапаровдун айтымында, учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору макулдашуу стадиясында турат. КРнын президенти бул жолду достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана туруктуу өнүгүүнүн жолу деп атап, анын курулушу жакынкы

2022-жылы негизги салыктык киреше КНСтен түшөт

2022-жылы негизги салыктык киреше КНСтен түшөт

2022-жылы негизги салыктык киреше КНСтен түшөт. Бул тууралуу «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, ички КНСтен 26 млрд 150 млн сом, импорттон КНС 44 млрд сом, акциз салыгы 17 млрд сом, киреше салыгы 13 млрд сом түшөт. «Жалпысынан МСК 155 млрд 600

Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасынын жетекчилик кызматы кыргыз тарапка өттү

Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасынын жетекчилик кызматы кыргыз тарапка өттү

Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасынын жетекчилик кызматы кыргыз тарапка өттү. Кечээ, 3-февралда ооруканага жаңы жетекчи болуп Осмонали Масалиев дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы Бишкек шаарына 2016-жылы курула баштаган. 2017-жылы пайдаланууга берүү пландалып, бирок ачылган эмес. 2019-жылы Жогорку Кеңеш оорукананы

Таластын төө буурчагын экспорттоо ГМО сертификаты жоктугунан токтоп калышы мүмкүн – лаборатория керек

Таластын төө буурчагын экспорттоо ГМО сертификаты жоктугунан токтоп калышы мүмкүн – лаборатория керек

Таластын төө буурчагын экспорттоо экспорттоочулар тарабынан гендик модификацияланган организмдердин (ГМО) жок экендиги тууралуу сертификатка ээ болуу боюнча жаңы талаптардан улам токтоп калышы ыктымал. Бул тууралуу бир мандаттуу Манас шайлоо округунан депутат Дастанбек Жумабеков парламент жыйынында билдирди. Эл өкүлү Талас облусунда 100 млн долларлык төө буурчак өндүрүлүп, экспорттолуп жатканын белгиледи. Бирок

2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды

2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды

Кыргызстанда 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Министрлер Кабинети 2022-жылдын 1-мартына чейин Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасын иштеп чыгат. Документти даярдоого илимпоздор, эл аралык эксперттер катышаары айтылууда. Эске