акыркы жаңылыктар

Баткен районундагы кичи ГЭСтин курулушуна жеке инвестор 1 млн доллар инвестиция салды

Баткен районундагы кичи ГЭСтин курулушуна жеке инвестор 1 млн доллар инвестиция салды

Баткен облусунда кичи ГЭС курулуп жатат. Курулушка жеке инвестор 1 млн доллардан ашык каражат бөлгөндүгүн Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдиргенин президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Анын айтымында, ГЭС Кыштут айыл аймагын электр энергиясы менен камсыздамакчы. Кичи ГЭСтин курулушу өткөн жылдын сентябрь айында башталып, ага 20 жумушчу тартылган. Иш

2021-жылы КРнын ЕАЭБ мамлекеттери менен  соода көлөмү 3 млрд долларга жетти

2021-жылы КРнын ЕАЭБ мамлекеттери менен соода көлөмү 3 млрд долларга жетти

Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 2.9 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди. Бул көрсөткүч 2020-жылдын январь-ноябрына салыштырганда 31.4%га өскөнүн көрсөтөт. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 30.4%га, импорттук келип түшүүлөр 31.7%га жогорулаган.

Өткөн жылы эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаган – 14.4%

Өткөн жылы эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаган – 14.4%

Улуттук статистикалык комитет 2021-жылдагы керектөө бааларына талдоо жүргүзүп, эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаганын маалымдады. Өткөн  жылдын январь-декабрында (мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 11.2%ды түзгөн. Ушул эле учурда тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 13.3%га, алкоголдук ичимдиктердин

2021-жылы КРнын өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 360 млрд сомду түздү

2021-жылы КРнын өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 360 млрд сомду түздү

2021-жылдын январь-декабрына карата КРнын өнөр жай продукциясынын көлөмү 357 млрд сомду түзүп, мурдагы жылдын ошол мезгилине салыштырганда 9%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди. Өнөр жай продукциянын көбөйүшү тазаланган мунай азыктарынын өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү (67%), ошондой эле резиналык, пластмассалык буюмдар, башка металл эмес минералдык продуктулардан (29.5%), жыгач

ЖКнын тармактык комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары шайланды

ЖКнын тармактык комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары шайланды

Кечээ, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарлары шайланды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады. Алгач депутаттар бирдиктүү комитет режиминде иш алып баруу менен сунушталган депутаттардын талапкерлигин карап, колдоого алышты. Андан соң сунушталган талапкерлерге жалпы жыйында добуш берилди. Жыйынтыгында: 1. ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук

Кыргызстандагы 2021-жылдын топ-10 популярдуу кесиби – HeadHunter

Кыргызстандагы 2021-жылдын топ-10 популярдуу кесиби – HeadHunter

HeadHunter (headhunter.kg) сайтта жайгаштырылган иш берүүчүлөрдөн келген вакансиялардын жана талапкерлердин резюмелеринин анализинин негизинде «Кыргызстандыктар 2021-жылы кандай жумуш издешти?» деген суроого жооп таап, өткөн жылдын эң популярдуу кесиптерин аныктады. headhunter.kg сайтынын колдонуучуларынын издөө суроолорунун негизинде 2021-жылдагы эң популярдуу 10 кесиптин алдыңкы үчтүгүнө сатуу боюнча менеджерлер, инженерлер жана

Экономика министрлиги унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштоодо

Экономика министрлиги унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштоодо

Экономика министрлиги бюджетти толтуруу максатында учурда Кыргызстанда тыюу салынган унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга акы төлөнүүчү уруксатты киргизүүнү сунуштап жатат. Мындай демилгени Экономика министрлиги республикалык бюджетке салыктык эмес кирешелерди көбөйтүү максатында көтөрүп чыккан. Министрликтин айтымында, акы төлөнүүчү уруксатты киргизүү унаа ээлерине мыйзамдуу түрдө унаанын айнектерин караңгылатуу мүмкүнчүлүгүн берет. Башкармалык

Уставдык капиталы 1 млрд сомдук «Кыргызиндустрия» ААК  түзүлдү

Уставдык капиталы 1 млрд сомдук «Кыргызиндустрия» ААК түзүлдү

Министрлер Кабинетинин чечими менен уставдык капиталында мамлекеттин 100% катышуусу менен «Кыргызиндустрия» ААК түзүлдү. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы билдирди.   «Кыргызиндустрия» ААК түзүлүшү инвестицияларды тартуу, эл аралык корпорациялар менен өз ара аракеттенүү, биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чараларды ыкчам жана өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.  Мамлекеттин атынан жалгыз акционердин болушу жарандарга жана

Кыргызстанда 2014-жылдан бери 35 ун чыгаруучу ишкана жабылган

Кыргызстанда 2014-жылдан бери 35 ун чыгаруучу ишкана жабылган

Акыркы жети жылдын ичинде Кыргызстанда ун чыгаруучу ишканалардын жарымынан көбү жабылды. Бул тууралуу 12-декабрда маалымат жыйынында Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов билдирди. «Базарыбыз контрабандага айланды, продукциялар бейрасмий түрдө рынокко кирип, натыйжада, заводдор жабылды. 2014-жылы бизде 65 завод болсо, 2020-жылы анын отузу гана калды», – деди ал. Жунушовдун

Бишкек «кызыл зонага» кирди — СOVID-19 инфекциясы борбордо жайылууда

Бишкек «кызыл зонага» кирди — СOVID-19 инфекциясы борбордо жайылууда

Бишкек шаарында бир суткада 632 жаңы коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, кечээ бул сан 465 жаңы учурга жетип, акыркы беш айдагы эң жогорку көрсөткүч болгон эле. Кошумчалай кетсек, Саламаттыкты сактоо министри Omicron штаммы табылганы тууралуу маалыматты ЖМКларга тастыктаган. Ал эми Эпидемиологиялык

2022-жылы «Айыл банктын» уставдык капиталын 100 млн долларга жеткирүү пландалууда

2022-жылы «Айыл банктын» уставдык капиталын 100 млн долларга жеткирүү пландалууда

2022-жылы «Айыл банктын» уставдык капиталын 100 млн долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Айыл банк» ААКтын өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышуу учурунда белгилүү болду. 2021-жылы Министрлер кабинети банкты 2.5 млрд сомго капиталдаштыруу чечимин кабыл алган. Банктын уставдык капиталы 2021-жылдын аягында 5.5

Республикада 6 жаңы калкты тейлөө борборлору ачылат

Республикада 6 жаңы калкты тейлөө борборлору ачылат

Кыргызстандын айылдарында жана кичи шаарларында алты жаңы калкты тейлөө борборун (КТБ) ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин, түзүмдөрдүн жетекчилеринин жана улук операторлордун катышуусу менен КТБлардын иш алып баруусу боюнча жыйынтыктоочу жыйында белгилүү болгон. Мындай борборлор быйыл Ново-Павловка, Араван, Түп, Кызыл-Суу, Кеминде жана Кант шаарында пайда болот.