Экономика министрлиги унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштоодо
Экономика министрлиги бюджетти толтуруу максатында учурда Кыргызстанда тыюу салынган унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга акы төлөнүүчү уруксатты киргизүүнү сунуштап жатат. Мындай демилгени Экономика министрлиги республикалык бюджетке салыктык эмес кирешелерди көбөйтүү максатында көтөрүп чыккан. Министрликтин айтымында, акы төлөнүүчү уруксатты киргизүү унаа ээлерине мыйзамдуу түрдө унаанын айнектерин караңгылатуу мүмкүнчүлүгүн берет. Башкармалык