акыркы жаңылыктар

Экс-депутат Сергей Ибрагимов текшерүүдөн кийин мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 млн сом которду – УКМК

Экс-депутат Сергей Ибрагимов текшерүүдөн кийин мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 млн сом которду – УКМК

Мурдагы депутат Сергей Ибрагимов текшерүүдөн кийин мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу коопсуздук комитетинин (УКМК) маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобуна, каржылык мыйзам бузуулар, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери  жүргүзүлгөн. Натыйжада,

Бишкек шаарынын мэри жана шаардык кеңештин төрагасы айлык маяналарын үч эсеге көбөйтүп алышкан – Башкы прокуратура

Бишкек шаарынын мэри жана шаардык кеңештин төрагасы айлык маяналарын үч эсеге көбөйтүп алышкан – Башкы прокуратура

Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлери социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жана шаардын инфраструктурасын жакшыртууга бөлүнгөн каражаттын эсебинен негизсиз эле эки айлык акы өлчөмүндө кошумча акча алышкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясында жана шаардык кеңешинде коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө белгилүү болгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка таянсак,

«Кумтөрдүн» жумушчуларынын беш профсоюзу биригет

«Кумтөрдүн» жумушчуларынын беш профсоюзу биригет

«Кумтөр» кенинин жумушчуларынын беш профсоюзу биригет. Бул тууралуу өткөн жумада «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын жетекчилери менен профсоюз өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылганын компаниянын маалымат кызматы билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, профсоюздар эмгек коллективинде жакынкы арада беш профсоюзду бир профсоюзга бириктирүү боюнча чогулуш өткөрүшмөкчү. Компаниянын айтымында, бул кызматкерлерге бирдей шарттарды түзүп берет, ошондой эле алардын

Дагы бир банк мамлекеттик кепилдик менен насыя бермекчи

Дагы бир банк мамлекеттик кепилдик менен насыя бермекчи

«Бай Түшүм» Банкы ААК мамлекеттик кепилдиктер менен насыяларды бере баштайт. Тиешелүү келишим «Кепилдик фонду» ААК менен 28-майда түзүлгөнүн фонддун басма сөз кызматы билдирди. Аталган каржы мекемеси менен келишим түзүлгөндөн кийин, чакан жана орто ишкерлерди колдоо боюнча «Кепилдик фондунун» өнөктөш банктарынын саны он алтыга жетти.

Автоунааларды кайра каттоонун жол-жобосу – Нускама

Автоунааларды кайра каттоонун жол-жобосу – Нускама

Кыргызстанда 1-июндан баштап автоунааларды жеңилдетилген абалда кайра каттоо башталат.  Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) менчик ээлери үчүн аталган акциянын жол-жобосу тууралуу нускамасын жарыялады. Эскерте кетсек, акциянын алкагында автоунаанын орточо базар баасынан 0,3% өлчөмүндөгү акы алынбайт. Кайра каттоонун баасы 1360 сомду, эгер мамлекеттик номурду алмаштырбасаңыз, анда 460 сомду түзөт.

Кыргызстандык ишкерлердин маселеси – натыйжасыз бизнес. КОӨФнун төрагасынын орун басары Олег Кудяков менен маек

Бизнес маек

Кыргызстандык ишкерлердин маселеси – натыйжасыз бизнес. КОӨФнун төрагасынын орун басары Олег Кудяков менен маек

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду алты жылдык ишмердүүлүгүндө Кыргызстандын экономикасына дээрлик 400 миң $ инвестиция салган. Анын негизинде дээрлик алтымыштай ири өнөр жай ишканасы, кичи жана орто бизнес тармагында эки жүздөн ашык долбоорлор ишке кирген. Жалпысынан, каражаттын жарымы кичи жана орто бизнес жаатына сарпталган. Бүгүнкү күндө КОӨФ кичи жана орто бизнеске түзмө-

«Манас» аэропорту Баткенге дарыгерлерди жана аскер кызматкерлерин ташыган каттамдарды акы төлөөдөн бошотту

«Манас» аэропорту Баткенге дарыгерлерди жана аскер кызматкерлерин ташыган каттамдарды акы төлөөдөн бошотту

«Манас» эл аралык аэропорту Баткенге дарыгерлерди жана аскер кызматкерлерин ташыган аба каттамдарын майданды колдонуп тейленгендиги үчүн төлөнчү акыдан бошотту. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет. Компания Tez Jet авиакомпаниясынын учактарын 29-апрелден 7-майга чейин «Манас», «Ош», «Баткен» жана «Исфана» аэропортторунда тейленгендиги үчүн төлөнүүчү акыдан бошотуу чечимин кабыл алды.

Кыргызстанда алтынга негизделген пенсиянын жаңы модели сунушталды

Коом

Кыргызстанда алтынга негизделген пенсиянын жаңы модели сунушталды

Кыргызстанда алтынга негизделген пенсиянын жаңы модели сунушталды. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымына караганда, пенсиялык камсыздоонун азыркы модели он жылдан кийин жок болушу мүмкүн, андыктан бул тармак жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууда. Аталган документ коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды. Кыргызстанда проблемалардын бүтүндөй комплекси бар: калктын көпчүлүгүндө кирешенин аздыгы, эмгек

УБ үч коммерциялык банктагы директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн талапкерлигин карады

УБ үч коммерциялык банктагы директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн талапкерлигин карады

УБ 27-майда үч коммерциялык банктагы директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн талапкерлиги боюнча макулдашуу өткөрдү. Бул тууралуу көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирет. Ага ылайык: * Тимур Омоев – «Азия Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү * Бакыт Шамырканов – «Оптима Банк» ААКнын аудит боюнча комитетинин төрагасы жана директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү

Өкмөт социалдык объекттерди оңдоого жана курууга 2 млрд сомго жакын каражат бөлөт

Өкмөт социалдык объекттерди оңдоого жана курууга 2 млрд сомго жакын каражат бөлөт

Өкмөт быйыл социалдык объекттердин капиталдык ремонтуна жана курулушуна дээрлик 1,9 млрд сом каражат сарптайт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирет. Аталган каражат 174 соцобъекттин ремонтуна жана курулушуна кетет. • Алардын ичинен 92 курулуш объектиси болуп саналат * 63 мектеп жана спорт зал * 13 бала бакча * 7 саламаттыкты сактоо

«Кыргызалтын» Кумтөрдөгү алтын менен күмүштү сатуу тартиби тууралуу айтып берди

«Кыргызалтын» Кумтөрдөгү алтын менен күмүштү сатуу тартиби тууралуу айтып берди

«Кыргызалтын» ААК «Кумтөр» кенинен чыккан алтын менен күмүштү сатуу жол-жобосу тууралуу айтып берди. «Кыргызалтындын» маалыматы боюнча, баалуу металлдар 2009-жылдын 6-июнундагы «Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен «Кыргызалтын» ААК жана КРнын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтынды жана күмүштү сатуу жөнүндө кайра каралган келишимдин негизинде сатылат. Баалуу металлдарды сатуу тартиби этап-

Кыргызстандын эң ири энергетикалык компаниялары донорлорго 1,3 млрд доллар карыз

Кыргызстандын эң ири энергетикалык компаниялары донорлорго 1,3 млрд доллар карыз

Өлкөдөгү эң ири энергетикалык компания деп эсептелген «Бишкектеплосеть», «Түндүкэлектро», «Ошэлектро», «Электр станциялары» жана «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКдору донорлорго 1,3 млрд доллардан ашык карыз. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет. Эң көп эл аралык каржы институттарына «КУЭТ» ААК карыз. «Кыргызстандын улуттук электр тармактарынын» 2020-жылдын 31-декабрына карата карызы 787.