Энергетика
"Чакан ГЭС" ААКсы 120 кВт кубаттуулуктагы станцияларды орнотот
2026-жылы "Чакан ГЭС" ААКсы кубаттуулугу жогору электр кубаттоочу станцияларды орнотууга өтүүнү пландап жатканын компаниянын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Аалыайдар Слем уулу радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы компания кубаттуулугу 80 кВт болгон 10 даана тез кубаттоочу станция орноткон. Бул станциялар алыскы каттамдарга багытталып, айдоочулар жолдо баратканда унаасын