Кыймылсыз мүлк
"Сулайман-Тоо" комплексине 21 млн сомдон ашык каражат түшкөн
2025-жылы Улуттук тарыхый-археологиялык "Сулайман-Тоо" музейдик комплексине 369 миңден ашуун турист барганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, музей жалпысынан 369 миң 880 зыяратчыны кабыл алган. Ошондой эле отчеттук мезгил ичинде музейдин атайын эсебине 21 млн 566 миң 520 сом каражат түшкөнү