"Сулайман-Тоо" комплексине 21 млн сомдон ашык каражат түшкөн

"Сулайман-Тоо" комплексине 21 млн сомдон ашык каражат түшкөн

2025-жылы Улуттук тарыхый-археологиялык "Сулайман-Тоо" музейдик комплексине 369 миңден ашуун турист барганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, музей жалпысынан 369 миң 880 зыяратчыны кабыл алган. Ошондой эле отчеттук мезгил ичинде музейдин атайын эсебине 21 млн 566 миң 520 сом каражат түшкөнү белгиленет.

Музейдин кызматкерлери экспозицияларды жана көргөзмөлөрдү түзүп, фонддор менен иш алып барышкан, маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүшкөн жана эл аралык кызматташууну кеңейтишкен.

Мындан тышкары, "Сулайман-Тоо" музейдик комплексинде экспонаттар санариптештирилип, материалдык-техникалык база чыңдалып, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды