Айыл чарба тармагы боюнча бирдиктүү терминдер сөздүгү даярдалууда

Айыл чарба тармагы боюнча бирдиктүү терминдер сөздүгү даярдалууда

Кечээ Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кичи залында айыл чарба тармагынын терминдер сөздүгүн түзүүгө арналган жумушчу отурум болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйындын негизги максаты — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы багытындагы терминдердин кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүгүн иштеп чыгуу. Бул демилге агрономия, ветеринария, ирригация жана кайра иштетүү тармактарындагы терминдерди бирдейлештирүүгө жана расмий документтерди даярдоону жеңилдетүүгө багытталган.

Отурум министрдин биринчи орун басары Ж.К. Керималиевдин төрагалыгы астында өтүп, ага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору Т.Ө. Осмоналиев катышты.

Иш-чарага тармактык илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышып, сунуш-пикирлерин билдиришти. Белгиленгендей, сөздүк жарык көргөндө айыл чарба адистерине, окутуучуларга жана студенттерге практикалык жардам болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды