акыркы жаңылыктар

Бажы кызматы былтыр 22  тонна прекурсорлорду кармаган

Экономика

Бажы кызматы былтыр 22 тонна прекурсорлорду кармаган

2025-жылы укук коргоо ишмердигинин чөйрөсүндө 9792 бажы мыйзамдарын бузуу жана кылмыш аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын колегиясында айтылды. Маалыматка ылайык, бюджеттин кошумча кирешесинин жалпы суммасы 1 млрд 566 млн сомдон ашты, бул мурунку жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе көп. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө рекорддук натыйжалар да белгиленди: 830

УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын жаңы имараты ачылды

Кыймылсыз мүлк

УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын жаңы имараты ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарындагы УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Жалпы аянты 15 миң чарчы метр болгон жаңы имарат операциялык блокту, реанимация жана реабилитациялык медициналык тейлөөнү ишке ашыруучу аскердик бейтапкананы камтыйт. Ошондой эле адистештирилген жана стационардык медициналык жардам көрсөтүлө турган аскердик оорукана бар. Анын ичинде жүрөк-кан

Садык Шер-Нияз: Депутаттык орунга 20 млн сом коротком

Кызыктуулар

Садык Шер-Нияз: Депутаттык орунга 20 млн сом коротком

Депутат болуу үчүн 300 миң доллар коротконун Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз “Кабар подкастта” билдирди. Анын айтымында, шайлоо маалында жарнама жана башка иштерге бир топ каражат сарпталат. “Бүгүнкү күндө шайлоодо мынча короттум деп депутаттар айтып жатышпайбы. Ал толук көрсөтүлгөн суммалар эмес. Кейиштүүсү шайлоодо ошончолук акча кетет экен. Аттарын атабай эле

Ак-Суу районунда туризм мектебин куруу талкууланды

Экономика

Ак-Суу районунда туризм мектебин куруу талкууланды

Билим берүү министрлигинде министр Догдуркүл Кендирбаева Австрия Республикасынын Федералдык финансы министрлигинин өкүлү Михаэль Маттиащиц менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушуу 27-январда өткөн онлайн-жолугушуунун уландысы болуп саналат. Онлайн-жолугушууга Австриянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттиги, ошондой эле Австриянын өнөктөш уюмдары жана билим берүү мекемелери катышкан. Тараптар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу

Бишкек мэриясы ЕРӨБ менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Коом

Бишкек мэриясы ЕРӨБ менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Бишкек шаардык мэриясында мэр Айбек Джунушалиев Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди. Жолугушууда Бишкек шаарында ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлор, анын ичинде жылуулук жана суу менен камсыздоо тармактары, ошондой эле борбор калаанын "Жашыл шаарлар" программасына катышуусу талкууланды. Мэр шаарда пландалып

Кредит боюнча долларлашуу деңгээли 18,1% га, депозит боюнча 32,5% га   төмөндөдү

Банктар

Кредит боюнча долларлашуу деңгээли 18,1% га, депозит боюнча 32,5% га төмөндөдү

КРнын Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев КРнын Улуттук банкынын 2025-жылга карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, негизги жетишкендиктери тууралуу өз баракчасында жарыялады. Төраганын билдирүүсүнө караганда, 2025-жылы банк сектору туруктуу өсүштү көрсөтүп: активдер дээрлик 45% га көбөйүп, 1,181 трлн сомго жетти; насыя портфели 43% дан ашык кеңейсе, депозиттик базасы 822,4 млрд сомго

Жол коопсуздугу үчүн бир жылда 11 миңден ашык жол белгисин чыгарды

Транспорт

Жол коопсуздугу үчүн бир жылда 11 миңден ашык жол белгисин чыгарды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси бир жыл ичинде жалпы 11 миң 386 даана жол белги өндүрүштөн чыгарды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жол белгиден тышкары 10 миң даана катафот, полимердик-порошок менен сырдалган 8 миң 271 мамыча боёлуп даярдалды. Белгилей кетсек, “Өндүрүштүк-инновациялык борбор”

Жеке ишкерлерден алынган 1% – салык эмес, банктын комиссиясы

Экономика

Жеке ишкерлерден алынган 1% – салык эмес, банктын комиссиясы

Жеке ишкерлердин төлөмдөрүнөн алынып жаткан 1 пайыз салык жүгү эмес, банктын эсептик ставкасы болуп саналат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов УТРК телеканалындагы "Диалог" берүүсүндө билдирди. Анын айтымында, айрым жарандар бул төлөмдү салык катары кабыл алып жатышат. Бирок сөз болуп жаткан 1% — банк кызматтары

Мэр Бишкектеги суу менен камсыздоо объекттерин текшерилди

Коом

Мэр Бишкектеги суу менен камсыздоо объекттерин текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев орун басарлары менен биргеликте борбор калаадагы бир катар суу менен камсыздоо объекттерин кыдырды. Муниципалитеттен билдиргендей, "Орто-Алыш" суу алуучу жайындагы иштер текшерилди. Бул жерде кошумча суу көлмөлөрүн тазалоо жүрүп, учурда 11 көлмөнүн 4өөсү тазаланды. Иштерге 8 экскаватор жана 5 самосвал тартылган. Аталган объект суткасына

Бишкекте 2026-жылы 19 миң түп дарак отургузулат

Бишкекте 2026-жылы 19 миң түп дарак отургузулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен мэрияда жолугушту. Жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу, анын ичинде Бишкектин жылуулук жана суу камсыздоо тармактарын өнүктүрүү, ошондой эле борбор шаардын ЕРӨБдүн "Жашыл шаарлар" программасына катышуусу боюнча маселелерди талкуулашты. Шаар башчысы банктын өкүлдөрүн Бишкекте жүзөгө

Адылбек Касымалиев: Бажы кирешеси 6 эсеге өстү

Экономика

Адылбек Касымалиев: Бажы кирешеси 6 эсеге өстү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдагы жыйынтыктоочу коллегиясына катышты. Жыйында белгиленгендей, 2020-жылы бажы кызматы 28 млрд сом жыйнаса, 2025-жылы бул көрсөткүч 157,4 млрд сомго жетип, киреше дээрлик 6 эсеге өскөн. МинКаб башчысы мындай өсүшкө "Смарт бажы" улуттук санариптик платформасынын ишке кириши өбөлгө болгонун айтты.

Эң төмөнкү жөлөк пулдар көбөйтүлөт

Экономика

Эң төмөнкү жөлөк пулдар көбөйтүлөт

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Эсенаманова 30-январда "Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында жөлөкпулдарды эң муктаж топторго, анын ичинде майыптыгы бар балдарга, ДЦП жана Даун синдрому менен төрөлгөн балдарга көбөйтүүнү көтөрдү. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов социалдык төлөмдөрдүн каржылоо көлөмүн 4,5 млрд сомдон