акыркы жаңылыктар

Мыйзам бузган акча алмаштыруу бюролоруна айып салынды

Банктар

Мыйзам бузган акча алмаштыруу бюролоруна айып салынды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы алты алмашуу бюросу жоопко тартылды. КРнын Улуттук банктын маалыматына караганда. ар бири алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2025-жылдын 17-октябрына карата, республика боюнча Улуттук банктын лицензиясын алган 819 акча алмыштыруу бюросу ишмердүүлүк

Суу үнөмдөө максатында Ак-Талаада каналдар модернизацияланууда

Коом

Суу үнөмдөө максатында Ак-Талаада каналдар модернизацияланууда

Ак-Талаа районунда ирригациялык каналдар инновациялык ыкма менен калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ак-Талаа районундагы "Чон-Бактыгул" чарба аралык чоң каналынан бөлүнгөн Р-2 каналынын узундугу 4,1 км. Анын 2,7 км аралыгына суу үнөмдөө максатында бетон төшөлмө (бетонополотно) орнотулууда. Бул иштер райондук суу

Дүйнөдө кеңири таркаган 17 критикалык минералдын 10у Кыргызстанда бар

Экономика

Дүйнөдө кеңири таркаган 17 критикалык минералдын 10у Кыргызстанда бар

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстандагы келечектүү сейрек кездешүүчү минералдар кендерин “Кен казуу тармагы боюнча диалог: инвестиция, ачыктык, өнүгүү” форумунда санады.  Кыргыз геологиялык кызматынын директорунун орун басары Руслан Калилов критикалык минералдар чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берди.  Анын айтымында, келечектүү тоо кендерине Кутессай II, Калесай, Кызыл-Омпол, Түндүк Акташ

Аламүдүндө 192 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Коом

Аламүдүндө 192 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Бер-Булак айылында наркы 192 миллион сомду түзгөн О.Турусматов атындагы эки кабаттуу мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып ишке ашты. Жаңы мектеп 275 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген, окуу корпусу спорт залы менен курулуп, окуучулар жана

Вашингтондо ЭВФ жана ДБтын башкаруучуларынын жылдык жыйыны болду

Экономика

Вашингтондо ЭВФ жана ДБтын башкаруучуларынын жылдык жыйыны болду

Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев ЭВФке кирген Швейцария өлкөлөр тобунун отурумунда катышты, анда маанилүү глобалдуу маселелер, анын ичинде дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсү, инфляциялык тобокелдиктер жана топко катышуучу өлкөлөр ортосунда кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды.  Ошондой эле ар жылдык жолугушуунун алкагында Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия департаменти тарабынан уюштурулган

Кыргызстан менен Германия экономикалык долбоорлорду талкуулады

Экономика

Кыргызстан менен Германия экономикалык долбоорлорду талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу, кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин герман тарабындагы тең төрагасынын орун басары Райнхольд Крэммел менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле 2025-жылдын ноябрында Берлинде өтө турган бизнес-форумга жана Ишкердик

Кыргызстанда критикалык минералдар стратегиясы даярдалып жатат

Кызыктуулар

Кыргызстанда критикалык минералдар стратегиясы даярдалып жатат

Кыргызстанда 22 критикалык минерал бар экенин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алишер Курманалиев “Кен казуу тармагы боюнча диалог: инвестиция, ачыктык, өнүгүү” форумунда билдирди. Анын айтымында, Президенттин 2024-жылдын 22-январындагы экономиканы динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү элементтерди казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө жарлыгынын

Кытай компаниясы «Asman City» долбоорун ишке ашырууда кызматташат

Экономика

Кытай компаниясы «Asman City» долбоорун ишке ашырууда кызматташат

Кытай мамлекетинин China Construction Company компаниясы Ысык-Кол облусундагы «Asman City» долбоорун ишке ашырууда кызматташуу ниетин билдиргенин Инвестиция боюнча улуттук агенттиги билдирди.  Мекеме билдиргендей Пекинде Инвестиция боюнча агенттиктин, Экологиялык таза Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жана China Construction Company компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.  Аталган документ инвестициялык, инфраструктуралык

Инклюзивдүү билим: майыптыгы бар балдарга жаңы мүмкүнчүлүктөр

Бийлик

Инклюзивдүү билим: майыптыгы бар балдарга жаңы мүмкүнчүлүктөр

Министрлер Кабинети психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын типтүү жобосун бекитти. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Токтом акыл-эсинин жана дене мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга, ошондой эле оорулу балдарга жалпы билим алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө, аларды окутуу үчүн шарттарды камсыз кылууга жана зарыл психологиялык, педагогикалык, медициналык жана социалдык колдоону көрсөтүүгө багытталган. Жобо Конституция жана улуттук

Бүгүн КРнын Эсептөө палатасынын түзүлгөн күнү белгиленди

Бүгүн КРнын Эсептөө палатасынын түзүлгөн күнү белгиленди

19-октябрь — КРнын Эсептөө палатасынын түзүлгөн күнү. Эсептөө палатасы 1996-жылдын октябрында, КРнын ЖКнин 1992-жылдын 6-мартындагы токтомуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы” жөнүндө мыйзамдын негизинде түзүлгөн. Эсептөө палатасынын маалымат кызматынан билдиргендей, бүгүн бул датага байланыштуу иш чара уюштурулду. Иш-чаранын алкагында Эсептөө палатасынын төрагасынын буйругунун негизинде мекеменин ишине үзүрлүү салым кошкон, көп жылдык

Бишкекте жеке турак жай курууга берилген жерлер мыйзамдаштырылууда

Коом

Бишкекте жеке турак жай курууга берилген жерлер мыйзамдаштырылууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен жер мунапысына байланыштуу мыйзамдаштыруу иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Свердлов районунда 83 комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Келип түшкөн арыздардын саны 5 671 болсо, 2083 токтом чыгарылган. Октябрь районунда жер мунапысы башталгандан бери 210 жашоочуга жер тилкесин

Кызылча кантип шекерге айланат, же шекер өндүрүүнүн сырлары

Кызыктуулар

Кызылча кантип шекерге айланат, же шекер өндүрүүнүн сырлары

Сокулук районунун Гавриловка айылынын 39 жаштагы тургуну Адыл Асылбашев 5 жылдан бери дыйкан чарбачылыгы менен алектенет. Жыл сайын ал талаага кызылча, жүгөрү жана арпа сээп, күзүндө алардын түшүмүн алат. 4 гектарга айдаган кызылчасы быйыл оюндагыдай болбой калганына Адыл азыр бушайман. Айтымында, 6 ай бою баладай бапестеп баккан түшүмү кетирген чыгымын