Кытай компаниясы «Asman City» долбоорун ишке ашырууда кызматташат

Кытай компаниясы «Asman City» долбоорун ишке ашырууда кызматташат

Кытай мамлекетинин China Construction Company компаниясы Ысык-Кол облусундагы «Asman City» долбоорун ишке ашырууда кызматташуу ниетин билдиргенин Инвестиция боюнча улуттук агенттиги билдирди. 

Мекеме билдиргендей Пекинде Инвестиция боюнча агенттиктин, Экологиялык таза Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жана China Construction Company компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. 

Аталган документ инвестициялык, инфраструктуралык жана курулуш долбоорлору чөйросүндөгү кызматташууларды өнүктүрүүгө, ошондой эле долбоорду ишке ашыруу үчүн заманбап технологиялар менен чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга багытталган. Сүйлөшүүлөр убагында тараптар кызматташуу келечегин жана «Asman City» долбоорун инвестициялоонун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашкан. 

Эске салсак, 2013-жылы президент Садыр Жапаров 500-700 миң жашоочуга эсептелген бул экологиялык таза шаардын курулушуна капсула салган. Бирок, эл аралык өнөктөштөр долбоорго өзгөртүү киргизүүнү сунуштагандыктан концепцияны кайра иштетүү үчүн убакыт талап кылынып долбоорду ишке ашыруу убактылуу токтотулган. 

Мындан тышкары окуңуз

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, аукционго жалпы 106 лот коюлат. Ачык аукцион 24-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дарегинде өткөрүлөт. Аукционго катышуу үчүн арызды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берүү

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрге жүктөлгөн эмгектик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган. Чечим “Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жана Эмгек кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун