Саясат
Улуттук илимдер академиясына 26 атайын кызматтык унаа тапшырылды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясына (УИА) 26 бирдик атайын кызматтык автотранспорт каражатын тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, унаалар УИАнын илимий мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында сатып алынып, археологиялык, геологиялык, геофизикалык, биологиялык жана башка талаа илимий-экспедициялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталат.