акыркы жаңылыктар

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Парижге келди

Бийлик

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Парижге келди

Президент Садыр Жапаров Парижге келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета саммитинин» ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат. Мындан тышкары Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Нурдан Орунтаев Мамкурулуштун жетекчиси болуп дайындалды

Бийлик

Нурдан Орунтаев Мамкурулуштун жетекчиси болуп дайындалды

Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Орунтаев буга чейин ИИМде иштеп, андан кийин баш кааланын вице-мэри болуп эмгектенген.

LoongAir авиакомпаниясы Бишкек – Чэнду багыты боюнча каттамдарды ачат

Коом

LoongAir авиакомпаниясы Бишкек – Чэнду багыты боюнча каттамдарды ачат

2023-жылдын 12-декабрнан баштап «МАМ» ААК Бишкектен Чэндуга каттамдарды ачат. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди. Каттамдарды Кытайдын LoongAir авиакомпаниясы ишке ашырат. Эми бул авиакомпания Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына учат. Чэндуга каттамдар жумасына эки жолу - шейшемби жана ишемби күндөрү - 12-декабрдан 30-мартка чейин аткарылат.

Депутат Замирбек Мамасадыков Аксы, Ноокен райондорундагы курулуштар менен таанышты

Коом

Депутат Замирбек Мамасадыков Аксы, Ноокен райондорундагы курулуштар менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков Аксы, Ноокен райондорундагы жана Шамалды-Сай шаарчасындагы бир нече социалдык объекттердин курулуштары менен жеринде таанышты. Бул тууралуу парламент билдирди. Депутаттын иш сапарындагы алгачкы кыдыруу Жар-Башы айылындагы №32 Кожобеков атындагы 375 орундуу жаңы мектептин курулушунда болду. Андан ары ал 111-кесиптик лицейиндеги капиталдык оңдоо иштери менен таанышты. Шамалды-Сай

Кыргыз-герман бизнес-форумунда 13 документке кол коюлду

Бизнес

Кыргыз-герман бизнес-форумунда 13 документке кол коюлду

«Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономикасынын күнү» кыргыз-герман бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу минкаб билдирди. Алар төмөндөгүлөр: • Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Германиянын орто бизнес федералдык союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; • Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Sitex Group ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; • Санариптик

Өкмөт германиялык инвесторлорду Кыргызстанга чакырды

Бизнес

Өкмөт германиялык инвесторлорду Кыргызстанга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Гамбургда болгон жумушчу сапарынын алкагында «Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономикасынын күнү” кыргыз-герман бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди. «Акыркы жылдардагы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун ырааттуу динамикасын канааттануу менен белгилегим келет. Соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташууну жүзөгө ашырууга болгон олуттуу мамилебизди ырастап, мен жеке

Кыргызстан менен Өзбекстан темир жол маселелерин талкуулашты

Транспорт

Кыргызстан менен Өзбекстан темир жол маселелерин талкуулашты

2023-жылдын 31-октябрында Ташкентте «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директору Азамат Сакиев менен «Өзбекстан темир йуллари» АК башкармалыгынын төрагасы Зуфар Нарзуллаевдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мекеме билдирди. Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы темир жол тармагындагы кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды. Эл аралык транспорттук каттамдарды натыйжалуу пайдаланууга жана жүк

Кыргыз-тажик чек арасынын 17.98 чакырымы макулдашылды

Бийлик

Кыргыз-тажик чек арасынын 17.98 чакырымы макулдашылды

2023-жылдын 1-8-ноябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү. Бул тууралуу минкаб кабарлады. Такталгандай, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17.98 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган

Чүйдүн энергетиктерине 8 дизелдик генераторлор тапшырылды – баасы 11 млн сомго жакын

Энергетика

Чүйдүн энергетиктерине 8 дизелдик генераторлор тапшырылды – баасы 11 млн сомго жакын

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасынын базасында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКка кубаттуулугу 120 кВт болгон 8 дизелдик генераторлорду тапшырды. Сатып алынган техниканын жалпы суммасы 10.9 млн сомду түздү.  Бул тууралуу министрлик билдирди. Такталгандай, генераторлор компаниянын 8 филиалына – Бишкек шаарында жана республиканын ар бир областында жайгашкан электр

Ошто көмүрдү арзан баада сатуучу жайлар уюштурулду – даректери

Коом

Ошто көмүрдү арзан баада сатуучу жайлар уюштурулду – даректери

Оштун мэриясы, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдү арзан баада сатуучу жайларды уюштурду. Бул тууралуу мэрия билдирди. Көмүрдүн баасы 1 килограммга 5 сомду түздү. Арзан баада көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда: ·         "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү; ·         «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи

Президент Садыр Жапаров Эрбол Султанбаевди кабыл алды

Бийлик

Президент Садыр Жапаров Эрбол Султанбаевди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров КРнын Беларустагы жаңы дайындалган элчиси Эрбол Султанбаевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы элчиге жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык

Акылбек Жапаров Гамбургда кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына катышат

Бизнес

Акылбек Жапаров Гамбургда кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына катышат

2023-жылдын 8-ноябрында Германиянын Гамбург шаарында кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи отуруму жана “Кыргызстандын экономика күнү” бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу минкаб билдирди. Бул иш-чаралар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Германияга болгон жумушчу сапарынын алкагында өткөрүлөт. Жумушчу сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар да болот. Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи отурумунда квалификациялуу адистерди