Коом
Өлкө боюнча 3,2 миң гектар жайытка чөп үрөндөрү себилди
Кунарсыз жана түшүмдүүлүгү төмөн жайыттарды калыбына келтирүү боюнча иштер республикада уланууда. Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан быйыл 3 226,85 гектар аянтка жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү себилди. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул иштер — деградацияга учураган жайыттарды кайрадан калыбына келтирүү жана мал чарбасы үчүн тоют базасын чыңдоо