Энергетика
КУЭТ өз эсебинен Панфиловдо жаңы трансформаторлорду орноштурууда
Чүй облусунун Панфилов районуна жаңы алынып келинген трансформаторлор орнотулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Панфилов РЭТинин электр куроочулары Кайыңды шаарынын Линейный көчөсүндөгү №176-трансформатордук көмөкчордондо күч трансформаторун алмаштырышты. Калктын санынын өсүшү менен электр энергиясын керектөө да өсүп, эски жабдуулардын кубаттуулугу аз болуп, көтөрө албай, керектөөчүлөргө бир топ ыңгайсыздык жараткан.