акыркы жаңылыктар

Япония КРнын Салык кызматы менен мындан ары кызматташууга кызыкдар

Гранттар жана кредиттер

Япония КРнын Салык кызматы менен мындан ары кызматташууга кызыкдар

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канда баштаган япон делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мекеме билдирди. Жолугушууда тараптар Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргелешип ишке ашырылган «МСКнын адам ресурстарын өнүктүрүү системасын жакшыртуу» долбоорунун жыйынтыктарын талкуулашты. Абдувапов Япониядан келген делегацияны жылуу тосуп алып, Салык

Бишкек региондор менен эсептешпейт, ажырым өтө чоң — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

Бизнес маек

Бишкек региондор менен эсептешпейт, ажырым өтө чоң — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

2006-жылы прогрессивдүү ишкерлердин демилгеси менен түзүлүп, бардык облустарда кеңселерин ачып, учурда Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин миңдеген өкүлүнүн башын бириктирип, ишкерлерди колдоп, алардын көйгөйүн көтөрүп келген ар тармактуу бизнес-ассоциация ЖИАнын учурдагы жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулун маекке тарттык. Ал ИШКЕР MEDIAга кызыктуу маек куруп, жалпы эле Кыргызстандагы бизнестин абалы, аймактар менен

«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору боюнча 3.2 млрд сомго насыя берилди

Гранттар жана кредиттер

«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору боюнча 3.2 млрд сомго насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору боюнча 2023-жылдын 28-сентябрына карата 3.2 млрд сомго 7287 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлик билдирди. Такталгандай, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 860.6 млн сомго 2 052 насыя берилди. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2.4 млрд сомго 5 235 насыя берилди.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11.7 млрд куб метрди түздү

Экономика

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11.7 млрд куб метрди түздү

2023-жылдын 2-октябра Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 759 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 301 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 123 куб метрге жетүүдө.

Бишкекте шаурма жеген 21 адам ууланды

Бизнес

Бишкекте шаурма жеген 21 адам ууланды

Бишкектин Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш Лаваш» жана «Мидос» тез татымдарынан шаурма жегендер ууланышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, массалык уулануудан 21 адам жабыркады. 15 адам, анын ичинде 2 бала Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калган 6 адам амбулатордук дарыланууда. "Иликтөөнүн жүрүшүндө даяр шаурманын

«Альянс Алтын» Жерүйдүн жумушчуларына жаңы турак жай комплексин куруп берди

Бизнес

«Альянс Алтын» Жерүйдүн жумушчуларына жаңы турак жай комплексин куруп берди

Жерүй кенинде 166 орундуу үч кабаттуу жаңы турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, имарат бир жылдын ичинде курулган. Курулушта эң заманбап экологиялык таза жана энергияны үнөмдөөчү материалдар колдонулган. «Ар бир бөлмөдө жогорку сапаттагы эмеректер жана кызматкерлердин ыңгайлуулугу үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар»

Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кенинин күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерди

Бийлик

Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кенинин күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл жана Нарын облустарына болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар отун-энергетикалык объектилер менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди. Жапаров Балыкчы шаарындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын көмүрдү жүктөө жана түшүрүү пунктунун даярдыгын текшерди. Белгилүү болгондой, көмүрдү жүктөө жана түшүрүү иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Андан ары минкаб

Россиядан гуманитардык жардам келди – азык-түлүктүн көлөмү 472.5 тоннаны түздү

Гранттар жана кредиттер

Россиядан гуманитардык жардам келди – азык-түлүктүн көлөмү 472.5 тоннаны түздү

Кыргызстандын түштүгүнө Россиядан кезектеги азык-түлүк жардамы келди. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдирди. Такталгандай, жардамдын көлөмү 472.5 тонна азык-түлүк. Анын ичинен 434.7 тонна байытылган ун жана, 37.8 тонна – өсүмдүк майы. Гуманитардык жардам Ош шаарындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасына жеткирилди.

Өкмөт БШТЗ жана “Кыргызиндустрия” объекттерин модернизациялоону тездетүүнү талап кылууда

Экономика

Өкмөт БШТЗ жана “Кыргызиндустрия” объекттерин модернизациялоону тездетүүнү талап кылууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек штамптоочу заводуна (БШЗ), ошондой эле “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун объектилерине барды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Минкаб төрагасы заводду модернизациялоонун негизги максаты ири технопарк түзүү экенин эске салды. “Өндүрүштүк ишканалардын ишке кириши  республиканын өнөр жайын өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү берет. Аны менен катар жумуш орундары түзүлөт

Коррупцияга шектелген “Түндүк электрдин” мурдагы жетекчилери кармалды

Бийлик

Коррупцияга шектелген “Түндүк электрдин” мурдагы жетекчилери кармалды

Талас электр тармактар ишканасында бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында Талас электр тармактар ишканасынын айрым кызматкерлери электр энергиясынын жетишсиздигине карабастан, жеке коммерциялык абоненттер менен алдын ала сүйлөшүп, узак убакыт бою алардын электр энергияга болгон карыздарын мамлекеттик органдарга кошумча ойдон чыгарылган

Өкмөт Бишкектин ЖЭБинин күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерди

Бийлик

Өкмөт Бишкектин ЖЭБинин күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаанын Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерди. Бул тууралуу минкаб билдирди. Таанышуу учурунда МинКаб Төрагасы көмүр кампасына жана металл сыныктары топтолгон жерге барып, Энергетика министрлигинин жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди. Белгилей кетсек, Минкаб төрагасы буга чейин ЖЭБге барганда бардык топтолгон

Кыргызстанда кандай унаага талап көп?

Кыргызстанда кандай унаага талап көп?

Фейсбук социалдык түйүнүндө Bishkek Life деп аталган тайпада колдонуучулардын бири "Кыргызстанда кандай машинага талап көп? Комфорт, ишенимдүүлүгү, күйүүчү майды керектөөсү боюнча" деген сурамжылоосуна жүздөн ашык адам өз пикирин калтырган. Ал жерде комментарий калтырган 123 адамдан отузу Toyota Camry үлгүсүндөгү унаага талап көп экенин жана ал Кыргызстан үчүн эң