Экономика
Гидрометеокызматынын кызматкерлерине ай сайын 20 миң сом үстөк акы кошулат
Садыр Жапаров Министрлер кабинетине 2026-жылдын 1-январынан тартып Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын мамлекеттик кызматкер категориясына кирбеген кызматкерлерине айлык маянасына ай сайын 20 миң сом өлчөмүндө кошумча үстөк акы белгилөөнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин №37 тескемесинде айтылат. Чечим Гидрометеорология кызматында иштеген, мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбеген кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында