Саясат
Өлкө бюджети социалдык багыттан өнүктүрүү багытына өттү
Кыргызстандын бюджети социалдык сектордон - өнүктүрүү багытына өткөнүн МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев телеканалдарга берген маегинде билдирди. "Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү жыл башында 430 млрд сом деп белгиленсе, учурда бул көрсөткүч 605,5 млрд сомго жетти. Ал эми ресурстарды кошкондо бюджет 585 млрд сомдон 939 млрд сомго чейин көбөйдү",-дейт